ЖАКта 2024-2025 - окуу жылынын биринчи педагогикалык кеңешмеси
14.10.2024-жылы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин биринчи педагогикалык кеңешмеси өттү. Кеңешмеде директор Турдубаева Б.М. 2024-2025- окуу жылын “Окутуу,тарбиялоо процессине STEM окутуу мамилелердин негизинде окуу өндүрүштүк комплекстерди пайдаланып,жумушчу орунда окутууну уюштуруп,студенттердин практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү жана алдыңкы тажрыйба борборунун талабына жооп берүү ” деп жарыялады. Ошондой эле төмөнкүдөй маселелер каралды.
1.ПЦК лардын жана окутуучулардын ишин баалоо, боюнча критерийлерди бекитүү
2.Жаңы окуу жылына жылдык пландарды бекитүү
3.Алдыңкы тажрыйба борбоорундагы 8 аспектиге жооптууларды бекитүү
4.Жумушчу дептер түзүү боюнча көрсөтмөнүн ишке ашырылышын кароо. Жумушчу дептерди даярдоонун бир айлык жүрүшүн жарыялоо.
Жыйынтыгында, жооптуулар
пландарды ишке ашыруу боюнча жекече отчетторду даярдашат. Талкууланган маселелер боюнча практика жүзүндө ишке ашырууну камсыз кылышат.