Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерди талдоо жана аныктоо
КРнын Эмгек, социалдые камсыздоо жана миграция тарабынан пилоттук региондордо эмгек рыногу боюнча изилдөө жүргүзүүдө сурамжылоо каралып, бул тапшырманы аткаруу үчүн “Эрфольг Консалт” компаниясы тандалып алынган.
Сурамжылоо 2024-жылдын 21-сентябрь алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде уюштурулуп, сурамжылоого Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н.С.Жолдошалиева, №75 кесиптик лицейинин директорунун орун басары К.Кенжекулов, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын СМУнун мастери А.А.Бокошов, ЖАКтын КМТШИ ПЦК башчысы Н.Мамажунусова, ЖАКтын карьера башчысы жана маркетолог Г.Ж.Алимбаева, ошондой эле К.Абасбеков катышышты.
Аталган изилдөөнүн максаты: экономиканын келечектүү тармактарын жана жаштар үчүн эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерди талдоо жана аныктоо, жаштар үчүн талап кылынган кесиптерде кесиптик көндүмдөргө суроо-талапты талдоо жана аныктоо.