1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

135

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МИССИЯ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи Алдынкы тажрыйба борборунда Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы жетекчиси Өмүрзакова Бактыгул, Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр долбоорунун менеджери Атаханов Нурлан Чырбанович ЖАМУнун ректору профессор Усенов Кенешбек Жумабекович катышкан жыйынтыктоочу миссия болду.

АБРдин 3-долбоору аяктап жаткандыгына байланыштуу АБРдин Кыргызстандагы жетекчиси ЖАКтын 5 жылдык отчетун угуп, алдыңкы тажрыйба борборунун имаратын окуу өндүрүштүк комплекстерин кыдырып, бөлүнгөн акча каражаты текке кетпегенин ынанып, ыраазычылыгын билдирди.Отчет боюнча презентацияны ЖАКтын директору п.и.к. доцент Б.М.Турдубаева жасады.Миссияга социалдык өнөктөштөр, лицейдин директорлору, бүтүрүүчүлөр, бийлик өкүлдөрү катышып жылуу ой пикирлерин айтышты.

ЖАК Алдыңкы тажрыйба борбору катары өнүгүү жолунда экендигине катышкандардын баардыгы ынанышты