1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

235

КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ 35 ЖЫЛ!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде мамлекеттик тилдин үч айлык жүрүшүнүн алкагында, 23-сентябрь Кыргыз Респупликасынын мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдык мааракеси белгиленди.

Иш чара Жалал-Абад колледжинин кыргыз тил секциясынын окутуучулары тарабынан уюштурулуп, студенттердин жана окутуучулардын коштоосунда  өткөрүлдү. Иш чара “Улуу элдин улуттук тилине 35 жыл ” деген аталышта болуп, концерттик программа менен коштолду. Концерт студенттердин аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолуп, кыргыз элин жана кыргыз тилин даңктаган учкул сөздөр көркөм ырлар окулду. Ошондой эле кыргыз элинин каада-салтын, улуттук оюндарын чагылдырган көргөзмөлөр көрсөтүлдү.