Сак бол студент!
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 2024-2025-окуу жылына кабыл алынган эркек студент балдарга окуу жайдын соц педагогу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Жалал-Абад милициясы менен биргеликте “Сак бол студент” аталышындагы профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Анда Жалал-Абад колледжинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды , топтошуп мушташууларды, рекетчилик , тоноочулук, аптекалык норкаманиядан алыс болууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырыктар айтылды. Ошондой эле шаарда жашаган студенттер, райондордон келген студенттерди басмырлап, талап-тоноп кылмыш жоопкерчилине тартылып калбоо боюнча эскертүүлөр берилди. Тунку оспурум рейд учурунда максатсыз жургондорго айып пул салынары айтылды.
Андан кийин ЖАКтын администрациясы тарабынан сабактарга кечикпөө жана калтырбоо, окуу жайдагы ички тартиптерди сактоо, өздөрү окуган канааларды таза кармоо боюнча эскертилди.