1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

129

1

КЕРЕГЕ КЕНЕШТЕГИ МАСТЕР-КЛАССТАР

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде өткөн “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары” аталыштагы кереге кеңеште мастер-класстар дагы уюштурулду. Мастер-класстарды Жалал-Абад колледжинин окутуучулары өтүштү. Алар:

  • Кочкорбаев А.А. “Орто кесиптик билим берүудө эмгек рыногуна анализ жасоо методологиясын ишке ашыруу”;
  • Тобокелова С.А. “Орто кесиптик билим берүудө компетенттүүлүк негизде билим берүү программасын иштеп чыгуу эрежелери”;
  • Калдарова Д.К. “Жумушчу орунда окутуу-практикалык көндүмдөрдү өнүктүрөт”;
  • Кайкыева Ү.Т. “Социалдык өнөктөштөр - биздин өнүгүүбүзгө салым кошот”;
  • Таштанова К. “Жашыл көндүмдөрдү өнүктүрүү - туруктуу өнүгүү максаттарынын негизгиси”;
  • Маматумаров А.Т. “Окуу процессинде жасалма интеллекти колдонуу жана санарип окутуу” деген темада болду.

Мастер-класстарга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы Уметов Т.Э., Кыргызстандагы сегиз Алдыңкы тажрыйба борборлордун директорлору, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Атаканов Н.Ч., көз карандысыз сертификаттоо жана валидация борборунун директору Шаматова Ж.А., Жалал-Абад облусундагы башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдардын директорлору, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аширова Г.А., Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүүнүн башчысы Шерматов К.А. жана социалдык өнөктөштөр катышышты. Анда катышуучулар практикалык иштерди жасашып, кызыктуу талкуу жасашты.