1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

8 месяцев назад

112

1

КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ КИРЕШЕ АЛЫП КЕЛҮҮЧҮ ТАРМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТТАРЫ

2024-жылдын 16-майда Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде “Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары” аталыштагы кереге кеңеш болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандагы сегиз Алдыңкы тажрыйба борборлордун директорлору, КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун менеджери Н.Ч.Атаканов , көз карандысыз сертификаттоо жана валидация борборунун директору Ж.А.Шаматова, Жалал-Абад облусундагы башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдардын директорлору, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.А.Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүүнүн башчысы К.А.Шерматов жана социалдык өнөктөштөр катышышты.

“Кесиптик билим берүүдө киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү багыттары” аталыштагы кереге кеңештин максаты:

  • Алдыңкы тажрыйба борборунун эмгек рыногунун талаптарына ылайык, компетенттүүлүк негизде окутууда социалдык өнөктөштөр менен кызматташуу жолдорун талкуулоо;
  • Окуу өндүрүштүк комплекстер аркылуу окутуунун сапатын көтөрүү максатында, өзүн өзү каржылоо үчүн киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүрүү.

Иш-чара Жалал-Абад колледжинин окутуучулары тараптан мастер-класстар менен башталды. Андан соң чон жыйындар залда киреше алып келүүчү тармактарды өнүктүү боюнча баяндар окулду. Ар бир баяндын кийин талкуу жүрдү. Жыйынтыгында, резолюция кабыл алынып, окуу өндүрүштүк комплекске экскурсия уюштурулду.