ЖАКта ОКУУ ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ ТАНДАЛЫП ЖАТАТ
ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад колледжинде “ЖАКтын мыкты окутуучусу-2024” аталыштагы конкурс уланып жатат. Колледждин методикалык иштери боюнча инспектору А.А.Сопукулованын айтуусу боюнча, иш-чаранын максаты- колледжде билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, окутуучулардын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу.
Дене тарбия ПЦКнын окутуучусу С.Аскаров БКМк-02-23 тайпасына дене тарбия дисциплинадан ачык сабак өттү. Сабактын темасы: Футбол оюну, топту бири-бирине берүү ыкмалары. Окутуучу студенттерге футболдун тарыхы жана топту тебүү ыкмалары менен таныштырды. Студенттер чакан топтордо тапшырмаларды аткарышты.
БКМжана КТ ПЦКнын окутуучусу Д.Тажибаева АТб-2-22 тайпасына кыргыз тили жана адабияты дисциплинадан ачык сабак өттү. Сабактын темасы: С.Жусуевдин “ Курманжан Датка” ыр түрүндөгү романы. Окутуучу сабакта чачылган сөздөр стратегиясын, CLILыкмасын колдонду.
Жеңүүчүлөрдү диплом жана акчалай сыйлыктар күтүп жатат.