Жалал-Абад колледжиндеги 5 мастер-класс
2024-жылдын 3-май күнү Жалал-Абад колледжинде окутуучулар үчүн беш мастер-класс пландалып өткөрүлдү. Мастер-класстарды Таштанова Кайринса Маматовна “Liveworksheets: интерактивный рабочий лист”, “Креативдүү ой жүгүртүү”, “Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмаларды түзүү технологиясы”, “Жашыл көндүмдөрдү калыптандыруу”, “Климаттык кутуча” окуу куралын колдонуу методикасы” деген темаларда өттү. Мастер-класска 60тан ашуун окутуучулар катышты. Анда интерактивдүү презентациялар, видеоролликтер көрсөтүлдү, практикалык иштерде кызыктуу тапшырмалар аткарылды жана сайттар, шилтемелер, QR-код менен иштешти.