ЖАКтын МЫКТЫ ОКУТУУЧУСУ- 2024
ЖАМУнун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Жалал-Абад колледжинде билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, окутуучулардын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында “ЖАКтын мыкты окутуучусу-2024” аталыштагы конкурс уюштурулду. Конкурска ар бир ПЦК өзүнчө ачык сабактарды анализдеп, ПЦКнын атынан бирден же экиден катышуучу сунушталган. Учурда, сунушталган окутуучулар “ЖАКтын мыкты окутуучусу-2024” номинациясы үчүн ат салышып жатышат. Бекитилген комиссиянын курамы конкурска катышуучулардын сабактарына катышып, баалоо критерийлери менен сабактарды баалашып жатышат. Жобо боюнча окуу документтерин текшерип жатышат.
АСжанаМ ПЦКнын окутуучусу К.Омуралиева БКМб-3-22 тайпага информатика дисциплинадан “Интернет жана дүйнөлүк тармак”деген темада ачык сабак өттү.
КМТШИ ПЦКнын окутуучусу Н.Султанова кийимдерди конструктивдүү моделдөө дисциплинадан “Өңүр-уча менен чогу бычылган жеңди моделдөө” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабак КМТШИ-3-22 тайпага өтүлдү.
Ачык сабактар график боюнча уланмакчы.Алдыңкы орунду ээлеген окутуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.