1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

13

Тажрыйбаны жыйынтыктоо: 3-курстун студенттери үчүн рефлексиялык конференция өттү

2026-жылдын 30-октябрында ПОВТАС адистигинин 3-курсунун студенттери үчүн өндүрүштүк практиканын жүрүшүн талдоого арналган рефлексиялык конференция өттү.

Иш-чара учурунда практика жетекчилери практикалык иштерди жыйынтыктоо, тиешелүү документтерди туура толтуруу жана отчет жазуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.

Конференция суроо-жооп форматында уланып, студенттер практика учурунда жана отчет даярдоодо пайда болгон суроолорун беришти. Практика жетекчилери ар бир суроого так жооп берип, отчетторду сапаттуу даярдоо боюнча сунуштарын айтышты.