1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

20

Жалал-Абад облусттук китепканасында практикалык окутуу уюштурулду

Өндүрүштүк практиканын алкагында Жалал-Абад облустук китепканасында студенттер үчүн «Видеоконференция байланыш платформалары» темасында тажрыйба алмашуу жана практикалык окутуу иш-чарасы өттү.

Иш-чара учурунда практика жетекчилери Розалина Абдраманова жана Калипа Күмүшбекова видеоконференция байланыш платформаларынын заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Студенттер онлайн байланыш уюштуруунун жолдору, виртуалдык жолугушууларды өткөрүү, платформалардын негизги функцияларын колдонуу жана аралыктан байланыш түзүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Теориялык маалыматтар практикалык көрсөтмөлөр менен коштолду.

Бул иш-чара практиканттарга санариптик байланыш технологияларын реалдуу жумуш шартында үйрөнүүгө, жаңы тажрыйба топтоого жана маалыматтык технологиялар жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө шарт түздү.