1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

9

Өндүрүштүк практика: студенттер тексттик  документтерди редакциялоо боюнча практикалык көндүмдөрдүн өнүктүрүштү 

2026-жылдын 21-октябрында өндүрүштүк практиканын иш-планына ылайык, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.

Окутууну тажрыйбалуу практика жетекчилери Арзыкан Сатимбаева жана Чолпон Шергазиева «Тексттик документтер менен иштөө жана аларды редакциялоо» темасында уюштурушту.

Иш-чара учурунда студенттерге расмий иш кагаздарын талапка ылайык түзүү жана форматтоо, тексттерди сабаттуу редакциялоо, тексттик редакторлордун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрмөлөр берилип, практикалык иштер көрсөтүлдү.

Практикалык тапшырмаларды аткаруу аркылуу студенттер документтер менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл тажрыйбаны өздөштүрүштү.

Жумуш ордунда окутуу студенттердин теориялык билимин практика менен айкалыштырууга, кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.