1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

9

ПОВТАС адистигинин стдуенттери өндүрүштүк практикасын ийгиликтүү жыйынтыкташты 

2026-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад колледжинде 230109 «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигинин 3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өттү.

Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Н.С. Жолдошалиева, колледждин практика жетекчиси Э.А. Режапова, ПОВТАС адистигинин практика жетекчиси Б.М. Айдарова жана өндүрүштүк практика жетекчилери катышты.

Иш-чара учурунда студенттер практика мезгилинде алган тажрыйбалары, аткарган иштери, өздөштүргөн жаңы технологиялары жана кесиптик жетишкендиктери тууралуу презентацияларын көрсөтүп, маалымат беришти.

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы студенттер үчүн жемиштүү болду. Практика учурунда өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүп, жоопкерчиликтүүлүгүн жана кесиптик жөндөмдөрүн далилдеген айрым студенттер өндүрүш жетекчилери тарабынан Ыраазычылык каттар жана грамоталар менен сыйланды. Ал эми кээ бир студенттер практика өткөн мекеме-ишканалардын жетекчилиги тарабынан туруктуу жумушка кабыл алынды.

Бул жетишкендиктер колледжде берилген теориялык билимдин практика менен айкалышып, студенттердин эмгек рыногунда өз ордун табуусуна өбөлгө түзүп жатканын көрсөтөт.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин аракетин жогору баалап, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.

Өндүрүштүк практика студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, эмгек жамаатына ыңгайлашуусуна жана келечектеги жумуш ордун табуусуна чоң мүмкүнчүлүк түздү.