1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

5

Кесиптик чеберчиликти жогорулатуу: практика мезгилиндеги жумуш ордунда окутуу уланууда 

2026-жылдын 13-октябрында өндүрүштүк практиканын алкагында окуу жайдын практика жетекчилери менен өндүрүш жетекчилери биргеликте студенттер үчүн жумуш ордунда окутуу иш-чарасын уюштурушту.Иш-чара учурунда тажрыйбалуу адистер Элмира Мусаева жана Миргүл Ырысбаева практиканттарга «Электрондук таблицалар менен иштөө» темасында практикалык сабак өткөрүштү. Окутуу учурунда студенттерге иш кагаздарын жүргүзүүдө жана маалыматтарды иштеп чыгууда электрондук таблицалардын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу колдонуу, формулалар менен иштөө жана отчеттук таблицаларды түзүү ыкмалары кеңири көрсөтүлдү.Жумуш ордунда окутуу студенттердин реалдуу өндүрүш чөйрөсүнө тез көнүп кетишине жана кесиптик компетенцияларын бекемдөөгө чоң өбөлгө түзөт.