1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

7

IT- чөйрөсүндөгү практикалык сабак: студенттер реалдуу долбоорлор менен таанышышты

2026-жылдын 20-октябрында Манас шаарындагы Intellect IT Academy окуу борборунун базасында студенттер үчүн атайын жумуш ордунда окутуу уюштурулду. Бул иш-чара окуу жайда алынган теориялык билимди мекеме-ишканалардын реалдуу иш шартында колдонууну үйрөтүүгө багытталды.

Окутууну практика жетекчилери Зинаш Түмөнбаева, Жыпаргүл Паязова жана өндүрүш жетекчиси Руслан Робертович Стамкулов биргеликте алып барышты. Алар студенттерге IT-борбордун иш процесси, заманбап санариптик куралдарды практикада колдонуу өзгөчөлүктөрү жана кесиптик тапшырмаларды аткаруу жолдору боюнча практикалык кеңештерин беришти.

Студенттер өндүрүштүк чөйрөнүн талаптары менен жеринен таанышып, теориялык түшүнүктөрүн реалдуу мисалдар аркылуу бышыктоого мүмкүнчүлүк алышты.