1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

7

Өндүрүштүк практика: студенттер тексттик документтерди редакциялоо боюнча практикалык көндүмдөрдүн өнүктүрүштү

2026-жылдын 21-октябрында өндүрүштүк практиканын иш-планына ылайык, студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу максатында жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.

Окутуу тажрыйбалуу практика жетекчилери Арзыкан Сатимбаева жана Чолпон Шергазиева тарабынан «Тексттик документтер менен иштөө жана аларды редакциялоо» темасында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге расмий иш кагаздарын талапка ылайык түзүү жана форматтоо, тексттерди сабаттуу редакциялоо, тексттик редакторлордун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча түшүндүрмөлөр берилип, практикалык иштер көрсөтүлдү.

Практикалык тапшырмаларды аткаруу аркылуу студенттер документтер менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүп, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө зарыл болгон тажрыйбаларды өздөштүрүштү.

Мындай жумуш ордунда окутуулар студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга, кесиптик даярдыгын жогорулатууга жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.