1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

8

ПОВТАС адистигинин студенттери окуу-таанышуу практикасын ийиликтүү өтөп жатышат 

Жалал-Абад колледжинин 230109 – «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигинин 2-курсунун студенттери окуу-таанышуу практикасынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жана облустагы ар түрдүү мекеме-ишканаларда практикалык иштерин жүргүзүп жатышат. Студенттер банктарда, IT-окуу борборлорунда, Жалал-Абад облустук китепканасында, шаардык мэрияда, жалпы билим берүүчү мектептерде, «Кыргызтелеком» ишканасында, темир жол мекемелеринде жана  компьютердик калкты тейлөө борборлорунда (ККТБ) практика өтөп жатышат. Практиканын жүрүшүндө студенттер мекемелердин ишмердүүлүгү, маалыматтык технологиялардын колдонулушу, компьютердик техникалардын жана программалык камсыздоолордун иштөө өзгөчөлүктөрү менен таанышып, адистигине байланыштуу практикалык тажрыйба топтоодо. Окуу-таанышуу практикасы студенттердин теориялык билимдерин бекемдөөгө, кесиптик багытын терең түшүнүүгө жана келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярданууга багытталган.