1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

8

ПОВТАС адистигинин студенттери өндүрүштүк практикасын ийлиликтүү жыйынтыкташты

2026-жылдын 16-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжинде 230109 – «Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо» (ПОВТАС) адистигинин 3-курс студенттеринин өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн өкүлү Жолдошалиева Н.С., ЖАКтын практика жетекчиси Режапова Э.А., ПОВТАС адистигинин практика жетекчиси Айдарова Б.М. жана өндүрүштүк практика жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер практика учурунда алган тажрыйбалары, аткарган иштери, өздөштүргөн жаңы технологиялары жана кесиптик жетишкендиктери тууралуу презентацияларын көрсөтүп, маалымат беришти.

Өндүрүштүк практиканын жыйынтыгы студенттер үчүн жемиштүү болду. Практика учурунда өздөрүн жакшы жагынан көрсөтүп, жоопкерчиликтүүлүгүн жана кесиптик жөндөмдөрүн далилдей алган айрым студенттер өндүрүш жетекчилери тарабынан Ыраазычылык каттар жана грамоталар менен сыйланышты. Ал эми кээ бир студенттер практика өтөгөн мекеме-ишканаларынын жетекчилиги тарабынан туруктуу жумушка кабыл алынышты.

Бул жетишкендиктер колледжде берилген теориялык билимдердин практика менен айкалышып, студенттердин эмгек рыногунда өз ордун табуусуна өбөлгө түзүп жаткандыгын көрсөтөт.

Конференциянын соңунда практика жетекчилери студенттердин аракеттерин жогору баалап, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.

Өндүрүштүк практика студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө, эмгек жамаатына ыңгайлашуусуна жана келечектеги жумуш ордун табуусуна чоң мүмкүнчүлүк түздү.