1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

8

Жалал-Абад облустук китепканасында практикалык окутуу уюштурдулду

Өндүрүштүк практиканын алкагында Жалал-Абад облустук китепканасында студенттер үчүн «Видеоконференция байланыш платформалары» темасында тажрыйба алмашуу жана практикалык окутуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө практика жетекчилери Абдраманова Розалина жана Күмүшбекова Калипа видеоконференция байланыш платформаларынын заманбап мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Студенттер онлайн байланыш уюштуруунун жолдору, виртуалдык жолугушууларды өткөрүү, платформалардын негизги функцияларын колдонуу жана аралыктан байланыш түзүү өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Теориялык маалыматтар практикалык көрсөтмөлөр менен коштолду.

Бул иш-чара практиканттарга санариптик байланыш технологияларын реалдуу жумуш шартында үйрөнүүгө, жаңы тажрыйба топтоого жана маалыматтык технологиялар жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө шарт түздү.