1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

10

Теориядан тажрыйбага кадам: ПОВТАС адистигинин 2-курстары окуу-таанышуу практикасына аттанышты

2026-жылдын 9-ноябрынан тарта ПОВТАСк-01-26 жана ПОВТАСк-2-3-4-5-6-7-8-9-25 тайпаларынын студенттери 4 жумалык окуу-таанышуу практикасын башташты. Практикага жөнөтүүнүн алдында багыттоочу конференция уюштурулуп, анда студенттер техникалык жана өндүрүштүк коопсуздук эрежелери менен кеңири таанышышты. Ошондой эле практика жетекчилери студенттерге практиканы өтөөнүн жол картасы, күндөлүк толтуруу жана отчет даярдоо тартиби боюнча толук маалымат беришти. Практиканын жүрүшүндө студенттер профилдик мекеме-ишканалардын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, теориялык билимдерин өндүрүш чөйрөсүндө бекемдешет. Студенттерге практиканы ийгиликтүү өтөп, кесиптик жаңы көндүмдөрдү өздөштүргөн жемиштүү күндөрдү каалайбыз!