1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

9

Тажрыйбаны жыйынтыктоого кадам: 3-курстун студенттери үчүн рефлексиялык конференция өттү 

2026-жылдын 30-октябрында ПОВТАС адистигинин 3-курсунун студенттери үчүн өндүрүштүк практиканын жүрүшүн талдоого арналган рефлексиялык конференция болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан практикалык иштерди жыйынтыктоо, тиешелүү документтерди туура толтуруу жана отчет жазуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Конференция суроо-жооп форматында уланып, студенттер практика учурунда жаралган жана отчет даярдоодо түшүнбөгөн суроолорун беришти. Практика жетекчилери ар бир суроого так жооп берип, отчетторду сапаттуу даярдоо боюнча тиешелүү сунуштарын айтышты.