1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Таш-Көмүр институту
  4. Табигый илимий дисциплиналар кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

96

Биология сабагын өтүүдө методикалык жардам көрсөтүү  боюнча практиканттарга жумуш ордунда окутуу уюштурулду.

 “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин, Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология профилинин 4 курсунда билим алып жаткан Б-1-22 тайпасына кесиптик-профилдик практика учурунда "Практикант сабактарды уюштурууда методикалык жардам көрсөтүү” деген темада доцент Б.Ж.Жээнбекова жумуш ордунда окутуу уюштурду.Жумуш ордунда окутууга Манас шаарындагы ЖОББ мектептерде практикада жүргөн практиканттар жана мектеп жетекчилери катышты. Практикант педагог катарында жаңы технологияларды колдонуу менен окуучуларга сабак өтүү азыркы замандын талабы болгондуктан. Биология боюнча сабактарды уюштурууда сабакка максат коюу, окуучуларды натыйжага жеткирүү үчүн кандай тапшырмаларды түзүү, активдүү окуучуларды баалоодо, баалоо критерийлерин туура колдонуу, сабакка жаңы усулдарды колдонуу ж.б. суроолордун тегерегинде практиканттарга кеңири маалымат жетекчи тарабынан берилди. Талкуу сунуштар, суроо жооптор болду.Мектеп жетекчиси Гулжан Абдумиталиповна тажрыйбалуу мектеп мугалимдеринин сабактарына катышууну, алардан методикалык жардам алуу сабактарына колдонууну практиканттарга сунуштады жана жетекчи катары методикалык жардам бөлүнүп берилген практиканттарга көрсөтүлүп жатканын белгилеп өттү. №19 ЖОББ мектебинин биология мугалими Акзыйнат Мелисовна класстар менен иштөө, сабактарды пландоо, уюштуруу, аткаруу активдүү катышуу, анализдөө боюнча методикалык жардам көрсөтүлүп жатканын айтты. Мындан тышкары тажрыйбалуу мектеп мугалимдердин сабактарына катышуу, методикалык жардамдарды алуу, анализдөө, тарбиялык сабактарды, сабактан тышкаркы иштерди уюштуруу, көмөктөшүү мектептин иш-кагаздары боюнча кеңири маалымат алуу боюнча кеңештер берилип, биргеликте иштеп жатканын билдирди. О.э. жумуш ордунда окутуу көбүрөк уюштурулуп туруусун сунуш кылды. Практиканттар баалуу ой-пикир, сунуштарын айтып. Тегерек үстөл максатына жетти дейт практика боюнча жооптуу доцент Н.Маматураимова.