1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

138

«Датка» көмөкчордону өлкөнүн түштүгүндөгү электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүүчү ири энергетикалык түйүн!

ЭС-1-20, ЭЭСС-1-20 тайпаларынын студенттерине өндүрүштүк ишканалардын базасында өткөрүлүүчү иш- чаралардын планы боюнча “Датка” көмөкчордону Кыргызстандын энергосистемасына көрсөткөн артыкчылыктары деген темада  500/220/35 кВ “Датка” көмөкчордонунун башкаруучусу Т.С. Дубанаев атайын окуу залында сабак өтүп жана көмөкчордондо экскурсия жүргүзүп, анда Датка көмөкчордонунун түзүлүшү, негизги кызматы, функциясы,  көмөк чордондо жайгашкан электр аппараттардын, трансформаторлордун ж.б. электр орнотмолордун иштөө принциптери менен тааныштырды. Учурдан пайдаланып Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын башкы инженери С. Мурзаевге жана  “Датка” 500/220/35 көмөкчү чордонунун байланыш кызматынын башчысы Т. Дубанаевге терең ыраазычылык билдиребиз!