1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы

Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы

Кулумкан Асановна

Заведующая кафедрой к.т.н., доцент

Телефон:

770 345 225

Каттоо:

06.01.2024

Акыркы сапар:

1 год назад

Бакалавр даражалуу адистерди даярдоо багыттары жана профилдери:

  • 640200 Электрэнергетикасы жана электротехника,профилдери: . Электр менен камсыздоо(тармактар боюнча), Электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр;
  • 760300 Технотөгөрөктүк коопсуздук,профили: Өзгөчө кырдаалдардан коргоо
  • 630400 Нефтигаз иштери, профили: нефти жана газ чыккан жерлерди иштетүү жана пайдалануу

Электрэнергетика жана механика кафедрасынын тарыхнаамасы

1996-жылы Физика кафедрасында Электр менен камсыздоо адистиги ачылган. Адистиктин жооптуу куратору болуп, т.и.к., Н.Жайлообаев дайындалган

1998-жылы Электр менен камсыздоо кафедрасы өз алдынча уюштурулуп, анда Электр менен камсыздоо, Электр станциялары жана Электрэнергетикалык системалар жана түйүндөр адистиктери ачылган. Кафедра башчылары: 1998 – 2003 жылдары – п.и.к., С.Токтогулов. 2003 – 2009 жылдары – т.и.к., Т.Э. Белеков.

2009-жылы Электр менен камсыздоо кафедрасынын курамынан Энергия булактары, электр системалары жана механика кафедрасы өз алдынча кафедра болуп бөлүнүп чыккан.

Электр менен камсыздоо кафедрасына: Электрэнергетика жана электротехника багытынын Электр менен камсыздоо профили боюнча, бакалавр даражалуу, жогорку билимдүү адистерди даярдоо жүктөлгөн  Кафедра башчысы: 2009 – 2019 жылдары т.и.к., Т.Э.Белеков

Энергия булактары, электр системасы жана механика кафедрасына: Электрэнергетика жана электротехника багытынын Электр системалары жана түйүндөрү профили боюнча, бакалавр даражалуу, жогорку билимдүү адистерди даярдоо милдети жүктөлгөн Кафедра башчылары: 2009 – 2013 жылдары т.и.к., Ж.Ө.Өмүрзаков 2013 – 2019 жылдары т.и.к., К.А.Көкүмбаева

2019 – жылы Электр менен камсыздоо, Энергия булактары, электр системалары жана механика кафедралары кайрадан бириктирилип, Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы түзүлгөн. Кафедрага Электрэнергетикасы жана электротехника багытынын Электр менен камсыздоо, Электрэнергетикалык системалар жана түйүндөр профилдери, Технотөгөрөктүк коопсуздук багытынын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо профили, Нефтигаз иштери багытынын Нефти жана газ чыккан жерлерди иштетүү профили боюнча бакалавр даражалуу, жогорку билимдүү адистерди даярдоо жүктөлгөн.

Кафедра башчысы:

2019-2021 жылдары т.и.д., ЖАМУ профессору, КР Инженердик академиясынын, Эл аралык инженердик академиянын академиги,

А.Аширалиев;

Азыркы учурда кафедраны т.и.к., доцент, ЖАМУнун эмгек сиңирген кызматкери Кокумбаева Кулумкан Асановна

жетектеп келет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 1-декабрындагы No 2062/1 буйругунун негизинде (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялык кеңешинин чечими, № 25-8 протоколу 2011-жылдын 1-декабрында), 2018-жылдын 28-декабрындагы № D2018-0005 лицензиясы төмөнкү багыттар боюнча билим берүү ишмердүүлүгүнө, лицензиянын колдонуу мөөнөтү: мөөнөтсүз.

Шифр Багыттын аталышы Окуу формасы окуучулардын чектүү саны
1 640200 Электроэнергетика жана электротехника (окуу мөөнөтү: 4 жыл) күндүзгү 200
2 640200 Электроэнергетика жана электротехника (окуу мөөнөтү: 5 жыл) сырттан 150
3 760300 Технотөгөрөктүк коопсуздук (өзгөчө кырдаалдардан коргоо) (окуу мөөнөтү: 4 жыл) күндүзгү 100
4 760300 Технотөгөрөктүк коопсуздук (өзгөчө кырдаалдардан коргоо) (окуу мөөнөтү: 5 жыл) сырттан 40
5 630400 Нефтигаз иштери (окуу мөөнөтү: 4 жыл) күндузгү 100
6 630400 Нефтигаз иштери (окуу мөөнөтү: 5 жыл) сырттан 40

Биринчи багыт: кафедрада Энергетика багытындагы адистерди даярдоодогу артыкчылыктары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде энергетик адистерди даярдоого Жараткан өзү шарт түзүп коюптур. Анткени, Кыргызстандагы электр тогун иштеп чыгуучу булактардын 90% дан ашыгы Жалал-Абад областынын аймагында жайгашыптыр. Өлкөдө суу электр чордондору (ГЭСтер) бир жылда чыгарган 3030 МВт электр тогунун 2990 МВт тогу (98,7%) Жалал-Абад областынын аймагында жайгашкан ГЭСтерде иштелип чыгылат (а-сүрөт).

Жалал-Абад шаары – Жалал-Абад областынын борбору. Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) областттагы көч башы, классикалык жогорку окуу жайы. Университетте көптөгөн багыттар менен катар эле техникалык багыттагы адистер да даярдалат. Областтын аймагында Кыргызстандагы эң ири: Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Үч-Коргон, Камбар-Ата 2 суу электр чордондору (ГЭСтер) жайгашкан.

Жогоруда келтирилген картадан (б-сүрөт) көрүнүп тургандай, Кыргызстандагы энергетиктерди даярдаган бир дагы жогорку окуу жайы жогоруда саналган ири суу электр чордондоруна (ГЭСтерге) ЖАМУчалык жакын, ыңгайлуу жайгашкан эмес. Эң алыс деген Камбар-Аба 2 ГЭСи Жалал-Абад шаарынан бар болгону 250 км алыстыкта жайгашкан. Ортолукта бир да бийик тоолуу ашуу да жок. Бардык ири ГЭСтер стратегиялык Бишкек-Ош атожолунун боюнда жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын кабыл алынган энергетикалык программасына ылайык, келечекте ток иштеп чыгуучу чордондордун түрлөрүн көбөйтүп (диверсификация), эскилерди өркүндөтүү, жаңы чакан жана микро суу электр чордондорду, кайтарылма энергия булактарына негизделген (Күн, шамал, биогаз, толкун ж.б.) чордондорду куруу мерчемделген.

Ири суу электр чордондорунан башка, Жалал-Абад областынын аймагында жүздөгөн 35-500 кВ чыңалуудагы, ар түрдүү кубаттуулуктагы көмөкчү чордондор (алардын арасында ири “Датка” көмөкчү чордону да) тынымсыз иштетилет. Ушул суу электр чордондорунда, көмөкчү чордон-дордо пайдаланылган техникаларды, жабдыктарды иштетүү жана тейлөө үчүн ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин “Электрэнергети-касы жана механика” кафедрасы, 640200 “Электрэнергетикасы жана электротехника” багытынын: “Электр менен камсыздоо” (тармактар боюнча), “Электр системалары жана түйүндөрү” профилдери боюнча жогорку чеберчиликтеги адистерди тынымсыз даярдап келүүдө.

Энергия булактарынын жана көмөкчү чордондордун окуу жайга жакын жайгашышы эмне артыкчылыктарды берет?

  • ар түрдүү окуу практикаларын өтүү маселелерин жеңилдетет: жолго кеткен убакытты үнөмдөө, унаа чыгымдарын азайтуу, эң негизгиси – студент окуу практикасын сапаттуу өтүп, алган назарияттык билимин бекемдеп, энергетиканын келечегине көз салууну үйрөнүп, анын өнүк-түрүүдөгү өзүнүн ордун сезе баштайт.
  • өндүрүштүк тажрыйбасы мол, жогорку чеберчиликтеги энергетик адистерди окутуучулук ишке тартуу маселсин жеңилдетет: өндүрүштү жакшы билген андай адис, окутуу учурунда, студенке кийинки ишинде көмөк көрсөтүүчү турмуштук тажрыйбаларды жакшы үйрөтөт;
  • бүтүрүүчүнүн жумушка орношуусуна оң таасир берет (бүтүрүүчүлөрдүн көбү үчүн бул аймак туулган жери болуп эсептелет);
  • жаш бүтүрүүчүлөрдү өзү туулган аймакта кармап калуу маселелерин жеңилдетет, ал өз кезегинде Кыргызстан ичиндеги тынымсыз болуп жаткан жагымсыз миграцияны, чет өлкөгө чыгып кетүү маселелерин ооздуктап, чоң социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

Энергетика багытындагы бүтүрүүчүлөр – кеңири тармактык адистер

Ал, Кыргызстанда, чет өкөлөрдө электр тогун иштеп чыгуучу, алыс аралыкка берүүчү, бөлүштүрүүчү, пайдалануучу тармактардын баарында иштей алуучу, кеңири тармактык адис. Андан сырткары, энергетика илимине кызыкса: магистратурада, аспирантурада, докторантурада даярдыктан өтүп, илимий даражалуу болуп, илимий-педагогикалык багытта да иштей ала турган адис.

640200 - Электроэнергетика жана электротехника окуу программасы боюнча бакалавр даражалуу адистерди даярдоо ЖАМУда 2012-жылдын 1 сентябрынан бери ишке ашырылып келүүдө. Бул окуу программасы боюнча даярдалган бүтүрүүчүлөргө бакалавр – инженер акаде-миялык даражасы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү: орто мектепти бүтүп келгендер үчүн – 4 жыл (күндүзгү гана), орто кесиптик билими барлар үчүн 3 жыл (күндүзгү гана). Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

ЖАМУда 640200 - Электроэнергетика жана электротехника окуу программасы талап кылган академиялык мүмкүнчүлүктөрдүн баары бар. 640200 - Электроэнергетика жана электротехника окуупрограммасы 2019-жылы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, “Билим стандарт” эл аралык агенттигинин ККАА КФ №19/2а от 08.05.2019 буйругунун негизинде берилген №VU 190000124 аккредитациялык күбөлүгүнө ээ. Аккредитациянын мөөнөтү 08.05. 2024-жылга чейин.

Тандалып окутуулуучу сабактардын кутучалары, жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен жылыга жаңыланып турат. Жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү окуу программаларын иштеп чыгууда жана оңдоолорду киргизүүдө аракеттүү катышышыт. Негизги жумуш берүүчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелишет: ААК «Жалалабатэлектро», ПСГЭС, Жалал-Абад ПВЭС, Ош ПВЭС ж.б.

640200 - Электроэнергетика жана электротехника окуу программасынын өнүгүү мерчеми, өлкөнүн улуттук өнүгүшүндөгү улуттук артыкчылыктары менен дал келтирилип, Университеттин өзгөчөлүгүн да эске алган. «Электр энергетикасы жана механики» кафедранын, Табигый-техникалык факультеттин, жалпы Университеттин «Электр энергетикасы жана электр техникасы" багыты боюнча бакалавр-инженерлерди даярдоодо жетишкен деңгээли заман талабына толук жооп берет жана өлкөнүн келечеги үчүн да маанилүү.

Электроэнергетика жана электротехника окуу программасынын төмөндөгү артыкчылык тараптары бар:

  • окуу программанын өнүгүү мерчеми дайыма кызыктар тараптардын катышуусу менен ачык талкууланып түзүлүп, өлкөнүн жана универ-ситеттин өнүгүү стратегияларынын талаптарын эске алып, артыкчылык берилген багыттар боюнча иштер жүргүзүлөт;
  • окуу программасынын өзгөчөлүгүн эске алуучу окуу жана аларды адилет баалоо шарттары түзүлгөн: сабак жана андан сырткары учурда да ар бир студент жекече кирип пайдалана ала турган заманбап тутумдар тынымсыз иштейт. Университеттин сайты аркылуу, студент кайсы жакта , кандай убакта болбосун: окуу материалдарын, тапшырмаларды алып, алардын жоопторун берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Андан сырткары, студент аралыктан туруп, өзүнүн билим деңгээлин сынап көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ;
  • окуу жараянын кредиттик технологиянын негизинде жүргүзөт;
  • окуу жараянында түрдүү жумуш берүүчүлөр менен кызматташып турат;
  • окуу программасында жана стандартта каралган бардык сабактар боюнча окуу методикалык куралдар менен толук камсыздалган.

Экинчи багыт: 760300 Технотөгөрөктүк коопсуздукбагытынын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо профили боюнча

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Технотөгөрөктүк коопсуздукбагытынын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо профили боюнча окутуу зарылчылыгы Жараткан тарабынан түзүлгөн шарттардын айынан пайда болгон. Анткени, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо министрлигинин коп жылдык статистикалык маалыматтары боюча: жер титирөөлөрдүн 20% (а-сүрөт), жер көчкүлөрдүн 32% (б-сүрөт), сел каптоолордун 35% (в-сүрөт) Жалал-Абад областынын аймагында катталат. Андан сырткары, кырсыктардын айынын адам өлүмүн, кыйла терс таасирдүү экологиялык маселе-лерди жараткан, кар көчкүлөрдүн чордону болгон, стратегиялык Бишкек-Ош автожолунун 50%дан ашык бөлүгү да Жалал-Абад областынын аймагынан өтөт.

Жогоруда келтирилген табигый жана техникалык теги бар кырсыктардын: адын алуу, болтурбай койуу, болуп кетсе жабырлануучуларды куткаруу, кесепеттерин жойуу маселелерин тутумдук түрдө чечүү үчүн көптөгөн, жогорку чеберчиликтеги куткаруучу адистер керек болгон. Ошол адистерди даярдоо маселесин ЖАМУнун ТТФнин “Электр энергетикасы жана механика” кафедрасы ийгиликтүү чечип келүүдө.

Татигый жана технотектүү кырсыктар болгон аймактардын окуу жайга жакын жайгашышы эмне артыкчылыктарды берет?

  • ар түрдүү окуу практикаларын өтүү маселелерин жеңилдетет: жолго кеткен убакытты үнөмдөө, унаа чыгымдарын азайтуу, эң негизгиси – студент окуу практикасын сапаттуу өтүп, алган назарияттык билимин бекемдеп, кырсыктардын болуу себептерин, кесепетинин масштабын сезе билип, кесепеттерин жойуу ыкмаларын табууга умтулуп, алдын алуу маселериндеги өзүнүн ордун сезе баштайт.
  • өндүрүштүк тажрыйбасы мол, жогорку чеберчиликтеги куткаруучу адистерди окутуучулук ишке тартуу маселсин жеңилдетет: өндүрүштү жакшы билген андай адис, окутуу учурунда, студенке кийинки ишинде көмөк көрсөтүүчү турмуштук тажрыйбаларды жакшы үйрөтөт;
  • бүтүрүүчүнүн жумушка орношуусуна оң таасир берет (бүтүрүүчүлөрдүн көбү үчүн бул аймак туулган жери болуп эсептелет);
  • жаш бүтүрүүчүлөрдү өзү туулган аймакта кармап калуу маселелерин жеңилдетет, ал өз кезегинде Кыргызстан ичиндеги тынымсыз болуп жаткан жагымсыз миграцияны, чет өлкөгө чыгып кетүү маселелерин ооздуктап, чоң социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшөт.

Технотөгөрөктүк коопсуздук багытынын Өзгөчө кырдаалдардан коргоо профили боюнча бүтүрүүчүлөр – кеңири тармактык адистер

Ал, Кыргызстанда, чет өкөлөрдө: табигый, технотектүү, адамтектүү кырсыктардын алдын алуу, болуп кетсе издөө-куткаруу иштерин уюшту-руу жана жүргүзүү, кесепеттерин жойуу тармактарынын баарында иштей алуучу, кеңири тармактык адис. Андан сырткары, коопсуздук жана куткаруучулук илимине кызыкса: магистратурада, аспирантурада, докторантурада даярдыктан өтүп, илимий даражалуу болуп, илимий-педагогика-лык адис катары да иштей алат.

Технотөгөрөктүк коопсуздук багытынын окуу программасы боюнча бакалавр даражалуу адистерди даярдоо ЖАМУда 2010-жылдын 1 сентябрынан бери ишке ашырылып келүүдө. Бул окуу программасы боюнча даярдалган бүтүрүүчүлөргө бакалавр–инженер академиялык даражасы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү: орто мектепти бүтүп келгендер үчүн – 4 жыл (күндүзгү гана), орто кесиптик билими барлар үчүн 3 жыл (күндүзгү гана). Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Бул окуу программасын толук, сапаттуу ишке ашырыш үчүн толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. ООП 760300 «Техносферанын коопсуздугу» профили менен: «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо» 2021-жылы эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өткөн (№ VU 210000324. «BILIM STANDARD» көз карандысыз аккредитация агенттигинин коомдук фондунун буйругу № 3а / 2021-ж. , 2021. Аккредитация 2026-жылдын 23-апрелине чейин жарактуу.

Тандалып окутуулуучу сабактардын кутучалары, жумуш берүүчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен жылыга жаңыланып турат. Жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү окуу программаларын иштеп чыгууда жана оңдоолорду киргизүүдө аракеттүү катышышыт. Негизги жумуш берүүчүлөр болуп төмөнкүлөр эсептелишет: КР ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгы жана анын 8 районук, 4 шаардык бөлүмдөрү, КР ӨКМнин Ош шаарындагы тийешелүү кызматтары ж.б.

Технотөгөрөктүк коопсуздук окуу программасынын өнүгүү мерчеми, өлкөнүн улуттук өнүгүшүндөгү улуттук артыкчылыктары менен дал келтирилип, Университеттин өзгөчөлүгүн да эске алган. «Электр энергетикасы жана механики» кафедранын, Табигый-техникалык факультеттин, жалпы Университеттин “Технотөгөрөктүк коопсуздук” багыты боюнча бакалавр-инженерлерди даярдоодо жетишкен деңгээли заман талабына толук жооп берет жана өлкөнүн келечеги үчүн да маанилүү.

Технотөгөрөктүк коопсуздук окуу программасы төмөндөгү артыкчылыктарга ээ:

  • окуу программанын өнүгүү мерчеми дайыма кызыктар тараптардын катышуусу менен ачык талкууланып түзүлүп, өлкөнүн жана универ-ситеттин өнүгүү стратегияларынын талаптарын эске алып, артыкчылык берилген багыттар боюнча иштер жүргүзүлөт;
  • окуу программасынын өзгөчөлүгүн эске алуучу окуу жана аларды адилет баалоо шарттары түзүлгөн: сабак жана андан сырткары учурда да ар бир студент жекече кирип пайдалана ала турган заманбап тутумдар тынымсыз иштейт. Университеттин сайты аркылуу, студент кайсы жакта , кандай убакта болбосун: окуу материалдарын, тапшырмаларды алып, алардын жоопторун берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Андан сырткары, студент аралыктан туруп, өзүнүн билим деңгээлин сынап көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ;
  • окуу жараянын кредиттик технологиянын негизинде жүргүзөт;
  • окуу жараянында түрдүү жумуш берүүчүлөр менен үзгүлтүксүз кызматташып турат;
  • окуу программасында жана стандартта каралган бардык сабактар боюнча окуу-методикалык куралдар менен толук камсыздалган.

Үчүнчү багыт: 630400 Нефтигаз иштери, окутуу профили: Нефть жана газ чыккан жерлерди иштетүү.

Өнүгүп бара жаткан адамзат ресурстардын бардык жаңы түрлөрүн (атомдук жана геотермалдык энергия, күн, суу толкундары, шамал жана башка булактар) колдоно баштайт. Бирок бүгүнкү күндө эл чарбасынын бардык тармактарын энергия менен камсыз кылууда негизги ролду отун ресурстары ойнойт. Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда мунай-газ комплекси эң негизгиси катары абдан интенсивдүү өнүгүп жатат

отун-энергетика комплексинин бир белугу. Кен казуунун жацы методдору тынымсыз ездештурулуп жана киргизилип, пайдалуу кендердин бул турун ташуу жана кайра иштетуу методдору еркундетулууде.

Бакалавриат программасын өздөштүргөн бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- кургактыктагы мунай жана газ скважиналарын куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү үчүн жабдууларды жана технологияларды;

- мунай жана газ өндүрүү, скважиналардын продуктыларын кургактыкта ​​чогултуу жана даярдоо үчүн жабдуулар жана технологиялар;

- көмүр суутектерин казып алууну талаада контролдоо жана жөнгө салуу үчүн жабдуулар жана технологиялар;

- мунай менен газды трубопровод менен ташуу, жер астындагы газ сактоочу жабдуулар жана технологиялар;

- мунай, мунай продуктулары жана суюлтулган газдарды сактоо жана сатуу үчүн жабдуулар жана технологиялар;

- кургактыктагы мунай жана газ скважиналарын куруу, оңдоо, реконструкциялоо жана калыбына келтирүү үчүн жабдууларды жана шаймандарды;

- мунай жана газ скважиналарын куруунун, оңдоонун, реконструкциялоонун жана реставрациялоонун технологиялык процесстери;

- мунай жана газ өндүрүү, кургактыкта ​​скважинанын продуктуларын чогултуу жана даярдоо үчүн жабдуулар;

- мунай жана газ өндүрүүнүн технологиялык процесстери;

- көмүр суутектерин казып алууну талаада контролдоо жана жөнгө салуу үчүн жабдуулар;

- мунай менен газды түтүк менен ташуу, газ сактоочу жабдуулар (анын ичинде жер асты);

- мунай, мунай продуктуларын жана газдарды (анын ичинде суюлтулган) сактоо жана сатуу үчүн жабдуулар.

630400 Нефтигаз иштери багытынын НББПсы боюнча бакалавр адистерди даярдоо 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып ЖАГУда жүргүзүлүүдө. Бул багыттын бүтүрүүчүлөрүнө бакалавр – инженер квалификациясы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү: жалпы орто билимдин базасында 4 жыл (кундузгу бөлүмдө гана) жана 5 жыл (сырттан окуу бөлүмүндө); орто кесиптик билимдин базасында 3 жыл (кундузгу бөлүмдө гана) жана 4 жыл (сырттан окуу бөлүмдө). Окуу орус тилинде жүргүзүлөт. ЖАГУ билим берүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн МТБ жетиштүү десек болот. Бул багыт 630400 Нефтигаз иштери, окутуу профили: нефти жана газ кендерин иштетүү жана пайдалануу, эл аралык аккредитациядан өтүү 2023-жылга пландаштырылууда. Быйылкы жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарат.

Даярдалуучу адистердин кесиптик чеберчилиги: окуткан окутуучулардын кечиптик чеберчилигинен, окуу жайдын инфратүзүлүшүнүн өнүгүү даражасынан, окутууда жана билим деңгээлин баалоодо заманбап техникаларды, технологияларды колдонуудан, ббилимди, өндүрүштү жана илимди айкалыштыра колдоно билүүдөн көз каранды.

Профессордук-окутуучулар курамы

Электроэнергетика жана механика кафедрасында штаттык кызматтарда: 2 илимдин доктору, профессолор, 3 илимдин кандидаты, доценттер, 5 улук окутуучу, 3 окутуучу, 1 лаборант,. Илимий даражасы бар окутуулар бардык курамдын 41,6% түзөт (төмөнкү жадыбалды кара). Профессордук окутуучулук курамдын ар бири үчүн портфолио түзүлүп, анда алардын чеберчилик деңгээли, эмгектеринин толук тизмеси, берилүүчү сабактардын тизмеси ж.б. керектүү маалыматтар кеңири келтирилген.

Окутуучулардын аты-жөнү Ээлеген кызматы Илимий даражасы Пайыздык катнашы
1 Аширалиев А. А. профессор т.и.д. 41,6%
2 Алибаев А. П. профессор т.и.д. 41,6%
3 Кокумбаева К.А. Каф. башчысы, доцент т.и.к. 41,6%
4 Кошбаев А.А. доцент т.и.к. 41,6%
5 Шамиев Ж. Б. доцент т.и.к. 41,6%
6 Акматов С. Б. улук окутуучу - 41,6%
7 Ташиев З.К улук окутуучу 41,6%
8 Турдукулова А.А. улук окутуучу - 41,6%
9 Султаналиева К.К. улук окутуучу - 41,6%
10 Эргешов Б.Т. улук окутуучу - 41,6%
11 Алиев М. К. окутуучу - 16,6%
12 Кочкорова М.Б. окутуучу - 16,6%

Кафедранын профессордук окутуучулук курамы конкурс бюнча тандалып, шайлоодон өтөт. Кээ бир окутуучулар жекече эмгек келишиминин негизинде, жалданып иштеши да мүмкүн.

Кафедра жетекчиси т.и.к., доцент К.А.Кокумбаеванын 45 тен ашык илимий эмгектери жарык көргөн. Анын ичинде: 30 тан ашык илмий макалалары, 15 тен ашык окуу процессинде кеңири колдонулган окуу-методикалык колдонмолору жана ойлоп табуучулук боюнча 1 патенти бар.

К.А.Кокумбаева ЖАМУда өткөрүлгөн сынактарга активдүү катышуу менен “Мыкты ойлоп табуучу”, “Мыкты доцент”, “Илимий иштердин жыйынтыгы практикада колдонулушу” номинациялары боюнча байгелүү орундарга жетишип, дипломдор менен сыйланган. К.А. Кокумбаеванын сыйлыктары: Жалал-Абад шаарынын Мэриясы жана Жалал-Абад шаардык Кеңешинин Ардак грамотасы, Жалал-Абад жогорку чыналуудагы электр тармактары ишканасынын Ардак Грамотасы жана КР билим берүү жана илим министирлигинин Ардак Грамотасы, КРнын УИАнын ТБдөгү“ЭР жана геоэкология” институтунун Ардак Грамотасы; “Жалал-Абад Мамлекеттик Университетине эмгек сиңирген кызматкер” медалы, 2018 жылы билим берүүнүн мыктысы төш белгиси менен сыйланган.

Кафедра профессору, т.и.д. А. Аширалиевдин 110дон ашык эмгектери жарык көргөн. Алардын ичинен: КР ББИМ тарабынан эн-тамга (гриф) берилген 5 окуу китептери жана куралдары, 1 монографиясы, ойлоп табуучулук 2 күбөлүгү, тарбиялык маанидеги 4 VEB, 12 гезит беттериндеги макалалары, 75 тен ашык илимий макалалары жарык көргөн. Илимий иштеринин негизинде УБШ “Аскатеш” сериялуу бургулоочу машиналар 1990-жылдан баштап азыркы күнгө чейин РФнын Новокузнецк шаарындагы заводдон сериялап чыгарылып келүүдө. Илимге жана инженердик ишке кошкон салымы эске алынып: КРнын Ишженердик академиясынын (2004) жана Эл аралык инженердик академиянын (2010, Москва ш.) академиги болуп шайланган. КРнын эл агартуусунун мыктысы (1997), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси (2018), КРнын Инженердик академиясынын “Ардактуу инженер” медалы менен сыйланган (2018), “Тарыхты таза адамдар жаратат” медалы менен сыйланган (2020).

Билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн «ЭМ» кафедрасынын окутуучулары мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйла-нышкан:

  • Кыргыз Республикасынын Ардак баракчасы – 1;
  • Илим жана техника тармагындагы КРнын мамлекеттик сыйлыгы1;
  • КРнын ББИМнин ардак баракчасы – 5;
  • КРнын билим берүүсүнүн мыктысы төш белгиси– 4;
  • КРнын Инженердик академиясынын «Ардактуу инженер» медалы1;
  • Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ардак баракчасы – 3;
  • КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абадской областы бойунча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак баракчасы – 2;
  • «Тарыхты таза адамдар жаратат» медалы – 1.
  • ЖАМУга эмгек сиңиргендиги үчүн медаль -6

Ошондой эле, ар бир кафедра кызматкери доктордук диссертациясын коргоп, дипломун алганда 30000 сом, кандидаттык диссертациясын коргоп, дипломун алганда 20000 сом, бир жолу берилүүчү сыйлыктар менен сыйланышат.

ЖАМУнун өнүгүшүнүн артыкчылык багыттарынын негизгилеринин бири болуп кафедра окутуучуларынын чеберчилик даражасын үзгүлтүк-сүз жогорулатып туруу эсептелет. Бул багытта Университеттин окуу жана илим багыттарын тейлеген кызматтар тарабынан: окутуучунун чеберчи-лигин, компетецияларын баалоо боюнча ар түрдүү конкурстар тутумдук түрдө өткөрүлүп турат. ЭМ кафедрасынын окутуучулары бул конкурстарга аракеттүү катышып, жеңиштерге жетишкендери да аз эмес.

Конкурстардын жеңүүчүлөрү

1. 2019-2020 окуу жылында профессор А. Аширалиев «Мыкты окуу китеп» аталышындагы конкурска катышып, I даражадагы «Мыкты окуу китеп» диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

2. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча, профессор А. Аширалиев жана К.А.Кокумбаева “Илимий иштердин жыйынтыгын турмушта колдонууда жетишкендиги” диплому жана акчалай сыйлык менен сыйланышкан.

3. 2017-2018 окуу жылында профессор А. Аширалиев «Мыкты профессор» жана «Мыкты окуу китеп» аталыштарындагы конкурстарга катышып, I даражадагы «Мыкты профессор»; II даражадагы «Мыкты окуу китеп» дипломдору жана акчалай сыйлык менен сыйланган.

4. 2018-жылы, профессор А.Аширалиев баштаган чыгармачылык топ, Кыргызпатент жарыялаган “Мыкты жаңы ойлоп табуулар”конкурсуна катышып, 281000 (эки жүз сексен бир миң) сомдук грант утуп алып, жаңы буу казанды жасатып, ЖАМУнун имараттарынын бирин жылытууга орнотулган.

5. 2019 г. доцент К.А. Кокумбаева башкарган чыгармачылык топ, “Р. Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонд жарыялаган «СТЕМдеги аялдар” конкурсуна катышып, 1000 АКШ долларлык грант утуп алышкан.

6. Кафедранын «Атаандаш энергия булактары» кружогу 2017-2018- окуу жылында III даражадагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланган. Кружоктун жетекчиси, окутуучу М. Алиев).

7. 2016-2017- окуу жылында доцент К. Кокумбаева ЖАМУ жарыялаган «Мыкты ойлоп табуучу» конкурсуна катышып, I даражадагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланган.

8.2014-2015- окуу жылында кафедранын “Атаандаш энергия булактары” лабораториясы ЖАМУ жарыялаган «Мыкты лаборатория» конкурсуна катышып, II даражадагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланган.

9. За 2013-2014- окуу жылында доцент К. Кокумбаева ЖАМУ жарыялаган «Мыкты доцент» конкурсуна катышып, III даражадагы диплом, акчалай сыйлык менен сыйланган.

Бүтүрүүчүлөр иштердин кандай түрлөрүн аткара алат

Электроэнергетика жана электротехника багытынын бүтүрүүчүлөрү алган билиминин деңгээлинде, негизги иштеринен башка дагы төмөндөгү тармактар боюнча да иштей алышат:

энергетика тармагында колдонулуучу түзүлүштөр боюнча конструктордук-долбоордук, өндүрүштүк-технологиялык иштерди;

энергетика багытындагы илим изилдөө иштерин;

энергетикалык түзүлүптөрдү ишке киргизүүнү;

энергетика тутумундагы орнотуп-күүлөө иштеринг;

энергетика тармагынжагы уюштуруу-башкаруу иштерин.

просьюмердик (энергия иштеп чыгып, сатуу) иштерди.

Технотөгөрөктүк коопсуздук багытынын бүтүрүүчүлөрү алган билиминин деңгээлинде, негизги иштеринен башка дагы төмөндөгү тармактар боюнча да иштей алышат:

куткаруу техникаларын, куралдарын долбоорлоп-конструкциялоо, өндүрүштөн чыгаруу иштерин;

издөө-куткаруу иштеринин коопсуздугу багытындагы илим изилдөө иштерин;

издөө-куткаруу иштеринде колдонулуучу атайын техникаларды ишке киргизүү иштерин;

куткаруу иштерине байланышкан түзүлүштөрдү орнотуу-күүлөө иштерин;

куткаруу иштерин уюштуруу жана башкарууда;

алгачкы шыпаагердик жардамды көрсөтүүдө.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик турмушундагы объекттер

Электрлэнергетика жана электротехника багыты боюнча:

электр чордондору, көмөкчү чордондору, электр чубалгылары;

электр энергетикалык тутумдар;

жогорку жана төмөнкү чыңалуудагы электр энергетикалык, техникалык, физикалык жана технологиялык орнотмолор;

электр энергетикалык автоматтык башкаруу жана релелик коргоо түзүлүштөрү;

салттык эмес, кайтарылма энергия булактарынын негизинде курулган чордондор жана комплекстер;

суу электр чордондору жана суу энергетикалык орнотмолор ж.б.

Технотөгөрөктүк коопсуздук багыты боюнча:

  • табигый, технотектүү кырсыктардын, бүлгүнчүлүктүн айынан кыйраган объекттер;
  • чалгындоо, издөө, куткаруу техникалары жана технологиялары;
  • калкты радиациялык, химиялык жана биологиялык коркунучтардан сактоо, коргоо техникалары жана технологиялары;
  • жарандык коргонуунун объекттери ж.б.

Өндүрүш менен байланыштар жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусу

Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча

ЖАМУ өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлар менен, алардын ичинен техникалык багыттагы окуу жайлар менен да тыгыз чыгармачылык байланышта иштейт. Жалал-Абад, Ош областтарындагы энергетикалык жана куткаруучулук багыттагы ишкана-мекемелер менен, аларды жумуш берүүчү катары баалап, тыгыз байланышта иш жүргүзөт.

Мындай байланыштардын негизги максаты: студенттерге жана окутуучуларга мобильдүүлүк боюнча шарттарды түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик чеберчиликтерин салыштырып, алардын жумушка орношуусуна өбөлгөлөрдү түзүү. Ушул шарттар түзүлгөндүктөн ЖАМУда окуп жаткан студенттердин (колледж, бакалавр) башка окуу жайларга, аларда окугандардын ЖАМУга которулууга мүмкүн.

Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орнотуу маселесин жеңилдетүү максатында, жумуш берүүчүлөр тарабынан адистиктер боюнча жарыяларган бош орундар жарманкесине үзгүлтүксүз катышып турат.

Кафедранын бүтүрүүчүлөрү окуу практикаларын энергетикалык жана куткаруучулук багыттагы ишкана-мекемелерде өтүшөт. Ушул маалы-маттардын башталышында келтирилгендей, ЖАМУнун башка окуу жайларга караганда артыкчылыгы, практика өтүүчү жайлардын жакындыгы жана ыңгайлуулугу. Мындай артыкчылыктар кандай оң таасирлерди берээри да ушул макаланын башталышында кеңири келтирилген. Дипломду алгандан кийин, кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү окуу практикаларын өткөн ишкана-мекемелерге жумушка орношушат.

Өндүрүштүк жана диплом алдындагы практикаларды өтүүдө ишканадан да жетекчи дайындалып, ал жетекчилердин, студентеги назарияттык билим деңгээлинин, тармактагы илимий-техникалык азыркы жетишкендиктери тууралу түшүнүгүнүгүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу пикирин жазып бермейинче, студенттин отчету кабыл алынбаган тартип киргизилген.

Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагалыгына иш берүүчү ишкана-мекемелердин жетекчилери же жетектөөчү адистери чакы-рылыт. Алар, алибетте мыкты окуган студенттерди тандап, аларды өз ишканасына жумушка орноштурууга сунуш беришет. Мисалы:

  • МАКтын төрагасы, ЖПВЭСтин башкы инженери М.К Муратовдун сунушу менен 2014-жылы Акматалыев Сулайман Акматалыевич артыкчылык дипломун алып, ушул мекемеге жумушка орношуп, азыркыга чейин ийгиликтүү иштеп келатат.
  • Окуу практикасынын жетекчиси, «Жалалабатэлектро» ААКнун директорунун орун басары А.М. Паизовдун сунушу менен 2017- жылы СулаймановТариэл артыкчылык дипломун алып, ушул мекемеге жумушка орношуп, азыркыга чейин ийгиликтүү иштеп келатат.

Мындай мисалдар өтө эле көп. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү Жалал-Абад областынын эле аймагында эмес, Кыргызстандын башка аймакта-рында (Бишкек шаарында, Ош жана Баткен облаттарында), чет өлкөлөрдө (Россияда, Германияда) да өз адистиктери боюнча жумушка орношуп, ийгиликтүү иштешүүдө.

Өткөн жылдын жумушка орношуу статистикасын карасак бүтүрүүчүлөрдүн 45% турмушта өз ордун таап, ар кандай тармактарда, аймактарда иштеп жатышат. Өлкөдө өнөр жай ишканалары көбөйүп, иштей баштаса бул көрсөткүчтөр мындан да жогору болооруна, биздин бүтүрүүчүлөр абдан керек болооруна шек жок.

Электроэнергетика жана электротехника, Технотөгөрөктүк коопсуздук багыттары боюнча окуу программаларын бүткөн студентке бакалавр – инженер академиялык даражасы ыйгарылгандыгы тууралуу диплом берилет.

Окуу, компьютер кааналары жана окуу жабдыктары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинде “Электр энергетикасы жана механика” кафедрасы үчүн 9 каана (аудитория) бекитилип берилген. Бул кааналарда Электроэнергетика жана электротехника, Технотөгөрөктүк коопсуздук багыттары боюнча окуган студенттерге сабактар өтүлөт. Ар бир аудитория бир канча окутумдарга ылайыкталган окуу жабдыктары, лабораториялык приборлору, менен жабдылса, 2 аудиторияда компьютер, проектор, 1 аудиторияда алар менен бирге эле интераракеттүү тактай орнотулуп, бул аудиторияларда заманбап, мультимедиялык ыкмаларды колдонуп сабактар өтүлөт.

Жогоруда саналгандардан тышкары, жумуш берүүчүлөр менен келишимдин негизинде, алардын имараттарында биргелешкен лаборатория-лар түзүлүп, ал жерлерде да сабактар өтүлөт. Мисалы: ЖПВЭС», ААК «Жалалабатэлектро» ишканалары, ЖАМУнун Жалал-Абаддагы колледжи менен биргелешип түзүлгөн лабораторияларда – энергетика багытындагы студенттер үчүн; КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгы, областка караштуу 8 райондук, 4 шаардык ӨКК бөлүмдөрү, КРнын ӨКМнин Ош областынын Учар кыштагындагы машыгуу талаасы баш ийген жетекчилер менен биргелешип түзүлгөн лабораторияларда – куткаруучулук багыттагы суденттер үчүн кээ бир окутумдар боюнча лабораториялык сабактар атайын уюштурулуп өтүлүп келинет. Сабактарды өтүү графиги ошол мекеменин жетекчиси тарабына бекитилип берилет.

Быйыл ЖАМУнун каржылоосу менен 4,3 кВттык кубаттуулуктагы күн электр станциясы курулду. Ал ЖАМУнун 6-корпусуна орнотулду жана 207 аудиториядагы компьютерлерди электр энергиясы үзгүлтүккө учураганда резервдик азыктандыруучу булак жана студенттердин лабораториялык иштердим аткарууда лаборатория катары колдонулууда.

Окутуучулардын илимий ишмердигинин негизги багыттары

Кафедрадагы илим изилдөө иштеринин багыттары:

  • Механизмдердин жана машиналардын назарияты;
  • Тоо-кен машиналары;
  • Геомеханика;
  • Электроэнергетика;
  • Жашоо-тиричилик коопсуздугу;
  • суу электр чордондорунун суу сактагычтарынын тосмолорунун, каптал беттеринин, түбүнүн абалын баалоо;
  • аймактагы кичи суулардын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, аларда: кичи, микро суу электр чордондорун куруу мүм-күнчүлүктөрүн изилдөө;
  • энергия сарамжалдуу суу жылыткыч буу казандын жаңы түрүн иштеп чыгуу жана турмушта колдонууга киргизүү;
  • өтмө түзүлүштүү механизмдерди (ӨТМ) колдонуу менен мунай соруп чыгуучу селкинчек механизмдердин энергетикалык көрсөткүч-төрүн жакшыртуу;
  • ӨТМ колдонуу менен энергия сарамжалдуу согуучу машиналарды иштеп чыгуу, динамикалык жараяндарын моделдөө;
  • Кыргызстан калкынын энергия пайдалануу маданиятын жогорулатуу боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгуу (Жалал-Абад областынын мисалында);
  • Кыргызстан жарандарында дайыма этияттанып, сак, коопсуз жүрүү маданиятын калыптоо жолдорун изилдөө (Жалал-Абад областы-нын мисалында);
  • Акыркы беш жыл ичинде кафедранын окутуучулары 24 конференция, семинарларга катышып, илимий билдирүүлөрдү жасашып, алардын жыйынтыктары боюнча жалпы 69 илимий, илимий-педагогикалык багыттагы макалалары жарык көргөн.
  • Быйылкы окуу жылында кафедрада 3 илимий макала SCOPUS тан жарыкка чыкты.

Кафедра окутуучуларынын ойлоп табуучулук ишмердиги

Кафедранын окутуучулары өздөрү изилдеген тармактар боюнча көптөгөн ойлоп табуулардын да авторлору. Алардын кээ бирлери турмушта пайдаланууга киргизилип, 30 жылдан бери заводдордон сериялап чыгарылып, иштетилип келүүдө.

Окутуучулардын авторлоштор менен бирдикте алган ойлоп табуучулук патенттери

Аты-жөнү Макамы Патент Жылы
1 Аширалиев А. СССР 891905 1981
2 Аширалиев А. СССР 1190018 1985
1 Алибаев А.П. КР 1157 2008
2 Алибаев А.П. КР 1158 2008
3 Алибаев А.П. КР 1159 2008
4 Алибаев А.П. КР 1432 2012
5 Алибаев А.П.Шамиев Ж.Б. КР 1433 2012
6 Алибаев А.П. КР 1571 2013
7 Алибаев А.П. КР 1572 2013
8 Алибаев А.П. КР 1592 2010
9 Алибаев А.П.Шамиев Ж.Б. КР 1593 2010
10 Кокумбаева К.А. КР 1910 2016
 11 Кошбаев А.А. КР 1243 2010
12 Кошбаев А.А. КР 1570 2013
13 Кошбаев А.А. КР 1693 2014
14 Кошбаев А.А. КР 1694 2014
15 Кошбаев А.А.Эргешов Б.Т. КР 1704 2014
16 Кошбаев А.А. Эргешов Б.Т. КР 1771 2015
17 Кошбаев А.А. Эргешов Б.Т. КР 1772 2015

Илим изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын турмушта пайдаланууга киргизүү

Кафедранын окутуучуларын илим изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары алардын жарык көргөн эмгектеринен көрүнүп турат. Алар тууралуу маалыматтар менен ар бир окутуучунун потфолиосунан таанышса болот. Ар кандай илимий иштин жыйынтыгы турмушта пайдаланууга киргизүү менен аякташы керек. Бирок ар бир эле илимий иштин жыйынтыгын турмушта пайдаланууга киргизүү мүмкүн эмес. Төмөндө кафедранын окутуучуларынын турмушта пайдаланууга киргизилген ойлап табууларынын жана илимий жыйынтыктарынын негизгилери келтирилди.

  • Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында окуу имаратын жылытуу үчүн жаңы ойлоп табылган суу ысытуучу буу казанды колдонуу” инновациялык долбоору. Аткаруучулар: т.и.д., профессор А. Аширалиев, т.и.к., доцент Кокумбаева К.А.

2017-жылдын акырында, Кыргызпатент тарабынан “Мыкты ойлоп табуучулук долбоор” аттуу кокурс жарыяланып, долбоордун авторлору ал конкурска катышып, сыноолордон ийгиликтүү өтүшүп, утушка жетишишкен. Конкурстун уюштуруу комиссиясынын 2017-жылдын 26-сентяб-рындагы чечиминин негизинде, Кыргызпатенттин Коллегиясынын 2017-жылдын 21-декабрындагы Токтомунун негизинде Жалал-Абад мамлекеттик университетинде түзүлгөн, А.Аширалиев жетектеген чыгармачылык топко 281000 (эки жүз сексен бир миң) сомдук грант бөлүнгөн. ЖАМУ менен Кыргызпатенттин ортосунда келишим түзүлүп, долбоордун иши 2018-жылдын аяк ченинде ийгиликтүү аяктап, жаңы энергия сарамжалдуу суу ысытуучу буу казандын тажрыйбалык үлгүсү жасалып, ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Университеттин №7 имаратын (АТФ, деканаттардын имараты) жылытуу үчүн орнотулган. 2019-2020 жылытуу сезонунда толук иштеп, имаратты кышы бою жылуу кармаганы анык. Азыр ал буу казандын энергия сарамжалдуулук көрсөткүчтөрү изилдөнүүдө.

  • «АСКУЭ – электр энергиясынын сапатын, эсебин көзөмөлдөөнүн күзгүсү” инновациялык долбоору. Аткаруучулар: т.и.к., доцент Кокумбаева К.А., улук окутуучу К.М. Токтосопиева, студенттер: Чойбекова Э., Борубаева Ж.

2018-жылдын ноябрь айында “Р.Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду тарабынан жаңы ойлоп табуучулук долбоорлор конкурсун жарыялаган. Кафедрада түзүлгөн, жогорудагы курамдагы чыгармачылык топ ал конкурска катышып, утушка жетишип, топко 1000 (бир миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү грант бөүнгөн. Бөлүнгөн каражатка эски тутум менен АСКУЭ колдонулган тутумдун айырмачылыктарын айкын көрсөтүүчү атайын стенд жасалып, Фонддун 2018-жылдын 20-22-ноябрында болгон “Аялдар СТЕМде” атту семинарында катышып, долбоордун жыйынтыгы жогору бааланган. Стенд, азыр кафедранын “Энергия сарамжалдоо” лабораториясына орнотулуп, окуу жараянында колдонулат.

Жалал-Абад областынын электр желесинде 220/110 кВ тук 2 көмөкчү чордон, 110/35/10 кВ тук 39 көмөкчү чордондор иштейт. Бардык көмөкчү чордондордун 220 кВ, 110 кВ, 35 кВ и 10кВ тарабынан кетүүчү фидерлерде АСКУЭ программалуу эсептегичтер орнотулган. Келечекте мындай эсептегичтер ишканаларда жана жарандардын үйлөрүнө да орнотулмакчы. Бул маселелерди ишке ашуруу үчүн АСКУЭ программалуу эсептегичтерди иштете жана көзөмөлдөп, башкара билүүчү адистерди даярдоо зарыл.

Бул долбоорлордун жогорудагы маселелерди чечүүдө, студенттерде энергия үнөмдөөчүлүк маданиятын калыптоодо өзүнүн татыктуу салымын кошоору шексиз.

  • Эразмус + долбоорунун негизинде иш алып баруу башталды.

Студенттердин илим изилдөө иштери

Даярдалуучу адистердин билим сапатын жакшыртуу максатында, студенттер үчүн окутуу менен катар эле, илим изилдөө иштери жүргүзүү (СИИИ) да сөзсүз аткарылуучу элементтердин бири болуп эсептелет. Студенттерди илим изилдөө иштерине тартуунун эң негизги түрлөрү болуп: конкурстардан уткан долбоорлордун кичинекей бир бөлүгүн аткарууга тартуу, курстук иштерди аткарууда актуалдуу бир теманы талдап, чечим-дерди кабыл алуу, аймактык студенттик олимпиадаларга катышуу, дипломдук долбоорду илим изилдөө бөлүгүн аткаруу ж.б эсептелет.

СИИИ кафедранын бир жылга бекитилген темалардын мерчемдерине (пландарына) ылайык жүргүзүлөт. Темалары көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө ошол багыттагы илимдин жетишкендиктерин пайдаланууга жана заманбап ыкмаларды, усулдарды колдонууга аракеттер тынымсыз жасалат.

Окуу жылы Катышуу пайызы Студенттердин саны Макала көлөмү
202-2021 уч.г. 1,7% 8 студент 1,1 п.л.
2021-2022 уч.г. 8,84 % 15 студент 4,1  п.л.
2022-2023 уч.г. 11,98 % 16 студент 8,7 п.л.
2023-2024 уч.г. 12,63 % 19 студент 10, 4 п.л.

ЖАМУда жылда студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, аларда жасалган докладдар макала түрүндө атайын студенттик жыйнакта басылып чыгарылат. 2017-2018-окуу жылы, 26-май күнү, ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 95 жылдыгына, “Аймактарды өнүктүрүү жана көчмөндөр цивилизациясы” жылына арналган “Чебер адис – өлкөнүн сыймыгы” аттуу аймактык илимий практикалык конференция өткөрүлүп, ал конференцияда кафедрага белгиленген “Энергия булактары, электроэнергетикалык тутумдар жана механика” секциясында 19 доклад жасалган.

«Электроэнергетика жана электротехника» багытында аткарылган СИИИ жыйынтыктары боюнча жарыяланган эмгектердин өсүү динамикасы төмөндөгү жадыбалда келтирилди. Жадыбалдан көрүнүп тургандай, илим изилдөөгө кызыккан студенттердин саны жылдан жылга өсүүдө.

Студенттердин энергетикага байланышкан бир нерсени өз колу менен жосоо шыгын ойготуу максатында кафедрада “Атаандаш энергия булактары” кружогу уюштурул-ган. Анын жетекчиси болуп, окуутуучу М.К. Алиев иш алып барат. Бул кружокто макеттерди жасоо боюнча консультант катары окутуучу А.Досбаев иш жүргүзөт. Студенттер жасаган макеттер, түзүлүштөр ар түрдүү көргөзмөлөргө, конкурстарга койулуп, грамоталарга, ыраазычылык каттарга татыктуу болгон учурлары да көп.

2017-2018 окуу жылынын жыйынтыгы боюнча “Альтернативдик энергия булактары” кружогу “Мыкты кружок” конкурсуна катышып, III даражадагы диплом менен сыйланган.

Окутууда колдонулуучу маалымат тутумдары жана билим технологиялары

«Электроэнергетика жана электротехника”, “Технотөгөрөктүк коопсуздук” багыттарынын негизги окуу программаларынын жигердүү-лүгү: ЖАМУнунwww.jagu.kg. сайты, AVN jagu.kg билим порталы, “КелечекБилим” ресурстары ишке киргизилгенден тарта жогорулай баштады. Жогоруда саналган электрондук каражаттардын ишке киргизилиши менен, окутуучулар жана студенттер үчүн түздөн-түз (онлайн) маалымат алуу-берүүдө, окуу-усулдук материалдарды даярдоодо жана алып окууда, студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөөдө, билим деңгээлин компьютердик тестирлөө менен баалоодо, студенттер өзүнүн билим деңгээлин өзү баалоодо жылыштар байкалып, заман талабын канаатанлдырууга ири кадамдар ташталды.

Студенттерди жана окутуучуларды китепкана-маалыматтык камсыздоо

ЖАМУнун Китепкана-маалымат борбору (КМБ) студенттерди, окутуучуларды жана кызматкерлерди тейлейт. КМБ кыргыз, орус, англис, кытай тилдериндеги окуу китептердин жана көркөм адабияттардын, илимий, илимий-популярдык журналдардын салттуу жана электрондук турлөрүн колдонуучуларга сунуштай алат.

ЖАМУнун КМБнун 250 отуруучу орундуу окуу залдары бар. Китепкана фондунда 726636 нуска китеп бар. Алардын арасында: 528961 нуска көркөм адабият, 16706 аталыштагы электрондук окуу китептери arch. kirlibnet.kg. сайтында жайгаштырылып, студент жана окутуучу үчүн каалаган убакта ал китептердин көпчүлүгүн ачып пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 1188 нуска кыргыз тилиндеги окуу китептери бар. Кафедрага тийешелүү окутумдар (дисциплиналар) боюнча 1707 нуска, алардын арасында кыргыз тилиндеги китептер да бар.

ЖАМУнун КМБ нун курамына “Кирлибнет” тобуна кирген электрондук китепкана (ЭК) да бар. Ал,Интернет желесине туташтырылган 28 компьютер, санариптегич (сканер) жана басып чыгаргыч (принтер) менен камсыздалган. ЭК фондунда 300 дөн ашык электрондук китептер бар. ЭК аркылуу Кырыгыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ), Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫКМУ) электрондук ресурстары менен байланышып, түздөн-түз маалымат алуу жана берүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Кафедрага бекитилген окутумдар боюнча китеп менен камсыздоо деңгээли 95% дан жогору. Анча мынча жетишпеген маалыматтарды жана китептерди жогоруда саналган электрондук ресурстарга WI-FI BEELINE.kg.аркылуу чыгып, таап алып колдонуу мүмкүнчүлүгү студенттер үчүн түзүлгөн.

Кафедранын окутуучулары даярдап жарыкка чыгарган окуу китептери, куралдары жана окуу-усулдук каражаттары

КРнын ББИМнин эн-тамгасын (грифин) алып, кыргыз тилинде чыгарылган окуу китептер жана куралдар

  • Инженердик графика, 2009. Окуу китеп. А. Аширалиев. Энтамга (гриф) КРнын ББИМнин 11.08.2009-ж. № 838/1 буйругунун неги-зинде берилген.
  • Издөө-куткаруу иштерин уйуштуруу жана жүргүзүү сабагы бойунча практикалык иштер жана тапшырмалар. 2015, Окуу китеп. А. Аширалиев, А.Ш.Абдырахманов. Энтамга (гриф) КРнын ББИМнин 06.02.2015-ж. № 107/1 буйругунун негизинде берилген.
  • Изилдөө-куткаруу иштерин жүргүзүү коопсуздугу. 2016, Окуу китеп. А. Аширалиев. Энтамга (гриф) КРнын ББИМнин 19.05.2016 г. № 670/1. буйругунун негизинде берилген.
  • Жашоо-тиричилик коопсуздугу, 2018, Окуу курал А. Аширалиев. Энтамга (гриф) КРнын ББИМнин12.03.2018-ж. № 273/1 буйругунун негизинде берилген.
  • Инженердик жана компьютердик графика, 2020. Окуу китеп. А. Аширалиев. Энтамга (гриф) КРнын ББИМнин 28.11.2019-ж. № 1399/1 буйругунун негизинде берилген.

Мындан сырткары, профессор А.Аширалиев тарабынан төмөнкү окутумдар боюнча окуу-усулдук комплекстер, Силлабустар, Жумушчу прог-раммалар кыргыз тилинде иштелип чыккан: “Инженердик жана компьютердик графика” (“Инженерная и компьютерная графика”), “Жашоо-тири-чилик коопсуздугу” (“Безопасность жизнедеятельности”), “Патент таануу” (“Патентоведение”), “Жашоо-тиричилик коопсуздугунун медициналык-биологиялык негиздери”, (“Медико-биологические основы безопасности жизнедеятельности”), “Радиациялык коопсуздук” (“Радиационная безопас-ность), “Издөө-куткаруу иштерин уйуштуруу жана жүргүзүү” (“Организация и проведение аварийно-спасательных работ”).

Жогорудагы саналган окуу китептер жана окуу куралдар, эптеп эле кыргыз тилинде китеп чыгаруу максатында эмес, төмүнкү максатарды көздөп чыгарылган;

  • Жер бетинде жашаган ар бир эл жана анын тили, алардын арасында кыргыздар жана кыргыз тили да Жараткан тарабынан берилген баа жеткис байлык. Адамзаттын улуу эпосторунун бири болгон Манас эпосун жаратып, манасчылык өнөрдү жоготпой ушул заманга чейин алып келген, ааламдык масштабдагы алп акылман Ч.Айтматовду тарбиялап өстүргөн кыргыз тили, азыркы мезгилде башка элдерден кирген сөздөрдү опсуз жана орунсуз колдонуудан “мутант” тилге айланып баратканы ар бир кыргызды түйшөлтүш керек эле. Тилекке каршы көпчүлүгүбүздү түйшөлтпөй эле, ошол жат сөздөрдүн ордуна андан да маанини терең ачып берүүчү кыргыз сөзү бар экенин этибарга албай, “эмне блолмок эле” деген, кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер караган кыргыздар көбөйүп баратканы анык. Демек, кыргыз тили тазаланууга, байытууга жана коргоого муктаж.
  • Кыргыз тилин коргоо, байытуу жана тазалоо үчүн, сөз кампасынан сүрүлүп чыгарылган кыргыз сөздөрүн кайра кайтаруу жолдорун табуу, кыргыз эли илгертен пайдаланып келаткан буюмдардын, курал-жабдыктардын, азык—түлүктөрдүн аттарын ж.б. кыргызча сөздөрдү сүйлөөдө жана жазууда орду менен пайдаланууга ар бир кыргызды, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет жасаган башка улуттагы жарандарды, чет элдик меймандарды үйрөтүү. Кыргыз тилин байытуу үчүн илимдин, техниканын жетишкендиктеринен пайда болгон терминдердин кыргызча аталыштарын таап, сөз кампасына (лексикон) киргизип, алардын кеңири тарашына шарттарды түзүүгө жетишүү зарыл.
  • Кыргыз тилинде жазуу эрежелерин кайрадан карап чыгып, йоттошкон “ё”, “ю”, “я” кирилл тамгаларын колдонууда, кыргыз сөздөрүнүн уңгусун бузбай жазуу эрежесин кабыл алууга жетишүү керек.
  • Жогорку окуу жайлардын ар бир окутуучусу, өзү берген сабактар боюнча окуу китептерин, куралдарын кыргыз тилинде чыгарууну – менин ыйык милдетим деп жазып, намыска айландырууга жетишүү зарыл.

Окутуучу өзү жазган кыргыз тилиндеги окуу китебин пайдаланып сабак өтүүнүн 10 жылдан ашык убакыттагы тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай окуу китептер өзгөчө түзүлүштөгү аталыштар сөздүгү (глоссарий) менен жабдылып, колдонулуучу жаңы нерселер тууралуу китептин башында эскертүү берилиши зарыл. Тизмедеги энчисаны 1 жана 2 болгон китептердин бирдеш бетинин сүрөттөрү (скриншоту) төмөндө келтирилди.

Көрүнүп тургандай, китептерде берилүүчү аталыштар сөздүктөрүнөн айырмаланып, кыргызча сөздөн кийин кашаанын ичинде анын орусча аталышы сөзсүз берилип, андан кийин гана аны мааниси чечмеленип берилет. Мындай түзүлүш, биз орусча атап көнүп калган сөздун кыргызчасы деле бар турбайбы, деп аны эстеп калуучу адатты калыптайт. Мындай оң таасирдүү адат, бир эле кыргыздар эмес, кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылган адамдарга да жакшы таасир берээри шексиз.

Кафедранын окутуучулары тарабынан орус тилинде чыгарылган окуу куралдары жана окуу усулдук эмгектери

1. Метод указания по выполнению лабораторных работ по дисциплине т.о.э. Типограф. ЖаГУ 2001. 79 стр. Кокумбаева К.А., Токтогулов С.Т.

2. Сквозная программа практик. Типограф. ЖаГУ 2002. Кокумбаева К.А., Суеркулов М.А.

3. Методические указания к самостоятельному изучению дисциплины «Передача и распределение электроэнергии». Типограф. ЖаГУ 2002. 39 стр. Кокумбаева К.А., Токтогулов С.Т.

4. Методическое указание к практическим занятиям по дисциплине «Тепловые энергетические установки» Типография ЖаГУ 2003. стр. 40. Кокумбаева К.А., Белеков Т. Ташиев 3.

5. Методическое указание для студентов электроэнергетических специальностей Техника высоких напряжений» Типография ЖаГУ 2008. 32 стр. Кокумбаева К.А .,Досбаев А.

6. Пособие по оформлению графической части дипломных проектов и курсовых работ ( нормы и стандарты) Типография ЖаГУ 2014. Кокумбаева К.А ., Ташиев З.

7. Курс лекции по дисциплине «Электроснабжение» Типография ЖаГУ 2015. Кокумбаева К.А., Кочкорова М.

8. Бардык адистик предметтер боюнча окуу-усулдук комплекстер даярдалган

Урматтуу биздин сайтка кирген агай-эжекелер, студенттер, талапкерлер, ата-энелер жана меймандар!

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Табигый-техникалык факультетинин ”Электр энергетикасы жана механика” кафедрасы туура-луу маалыматтардын мазмуну жана жасалгалары кынтыксыз болду дегенден алыспыз. Аны жакшыртуу тууралуу сунуштарыныздарды чын дилибизден кабыл алабыз. Андай сунуш бергендерге алдын ала ыраазычылык билдиребиз. Сунуштарды mamat_a@mail.ru., ms.kulumkan@mail.ruэлектрондук даректерине жибериңиздер.