1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

28

 Римде өткөн SILKWAY долбоорунун эл аралык жолугушуусу

2026-жылдын 15–19-сентябрында Италиянын Рим шаарындагы Сапиенца университетинде Erasmus+ программасынын SILKWAY долбоорунун алкагында өнөктөштөрдүн консорциумдук жолугушуусу өттү. Ага Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору т.и.д., профессор К.Ж.Усенов, т.и.к., доцент К.А.Кокумбаева, И.Рыскулов, Б.Биймырзаева жана Айдай Таирбек кызы катышып келишти.

SILKWAY долбоору кайра жаралуучу энергия булактарынан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү багытында кесиптер аралык жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Жолугушууга Кыргызстан, Өзбекстан, Испания жана Италиядагы өнөктөш жогорку окуу жайлардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Беш күндүк программанын алкагында долбоордун башкаруучу комитетинин жыйындары жана окутуучулар үчүн техникалык окуу сессиялары уюштурулду. Негизги көңүл долбоордун аткарылышына, жумушчу пакеттер боюнча иштердин жүрүшүнө жана кийинки милдеттерди талкуулоого бурулду. ЖАМУга бөлүнгөн — WP2 пакет отчет берилди.

Жолугушуунун күн тартибинде окуу курстарын ишке ашыруу, студенттердин лабораториялык долбоорлорун жана өндүрүштүк практикасын уюштуруу, бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүүчү лабораторияларды пландоо маселелери камтылды. Ошондой эле долбоордун жыйынтыктарын жайылтуу, мониторинг жүргүзүү жана жашыл башкаруу стратегиясы талкуунун негизги багыттарынын бири болду.

Окутуучулар үчүн уюштурулган техникалык сессияларда студенттерди окутууда энергетикалык системалар үчүн Python аркылуу машиналык үйрөнүү ыкмаларын колдонуу, ири күн электр станцияларынын практикалык тажрыйбасы жана кайра жаралуучу энергия жамааттарын долбоорлоого арналган pyRES программалык куралы каралды. Тегерек столдо окуу материалдарын жергиликтүү шарттарга ылайыкташтыруу жана окутуу методикасы боюнча тажрыйба алмашууга көңүл бурулду.

Бул жолугушууга катышуу ЖАГУнун эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыгын бекемдөөгө, энергетика багытындагы билим берүүнү өркүндөтүүгө жана туруктуу өнүгүү принциптерин окуу процессине киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.