1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

Уңгулуу жол: Манастан Айтматовго» аттуу адабий кече өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунда институттун директору, профессор А.Б. Карбекованын катышуусунда Электроэнергетика жана механика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тарабынан «Уңгулуу жол: Манастан Айтматовго» аттуу адабий-маданий иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара «Манас» эпосунун улуттук жана руханий маанисин даңазалоого, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын жаштарга кеңири таанытууга, ошондой эле студенттердин мекенчилдик сезимин, эне тилге, тарыхка жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын арттырууга багытталды.

Кеченин жүрүшүндө студенттер «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, көркөм окууларды, монологдорду аткарышты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы адамгерчилик, эс-тутум, мекен, тарых, абийир жана адамдык нарк тууралуу терең ойлор чагылдырылды. Өзгөчө «Мен киммин?» жана «Адам бойдон калуу» темасындагы монологдор аркылуу жаштарды өз тарыхын билүүгө, улуттук тамырын унутпоого жана кандай гана мезгил болбосун адамдык сапаттарды сактоого үндөгөн маанилүү ойлор айтылды.

Иш-чарада «Манас» эпосу менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын байланыштырып турган негизги баалуулуктар — эл, жер, тарых, мекен, эс-тутум жана адамдык нарк экендиги баса белгиленди.

Кеченин негизги идеясы: «Өз тарыхыңды бил. Өз тилиңди сыйла. Өз элиңди сүй. Адамдык сапатыңды жоготпо» деген чакырык менен айкалышты.

Мындай иш-чаралар студенттердин руханий дүйнөсүн байытып, улуттук мурастарды терең таанып-билүүсүнө, эне тилин урматтоосуна жана келечек муун алдындагы жоопкерчилигин сезүүсүнө өбөлгө түзөт.

Манас — биздин уңгубуз, Айтматов — дүйнөгө жеткен үнүбүз, ал эми келечек — биздин колубузда!