1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

117

Энергетиктерди квалификациялык иш алдындагы практикага багыттоо

Электроэнергетика жана электротехника багытынын     ЭЭСС-1-20, ЭС-1-20  тайпаларынын  студенттери үчүн пландаштырылган квалификациялык иш алдындагы практикасын уюштуруу конференциясы болуп өттү. Конференцияга кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышты. Конференциянын жүрүшүндө практика жетекчилери тарабынан практиканын  тапшырмалары, максаты, милдеттери жана жол карталары боюнча  маалыматтар айтылды.

Квалификациялык иштин атайын бөлүмүндө аткарыла турган иштер боюнча дагы ар-бир студент өзүнүн жетекчиси менен биргеликте пландарды түзүп, тапшырмаларды алышты.

Ошол эле кезекте практика өтөөчү ишканалардагы ички тартип жана техникалык коопсуздук эрежелери менен тааныштырылып, техникалык коопсуздук журналына кол койдурулду.

Энергетика багытындагы студенттер квалификациялык иш алдындагы практикасын негизинен Жалал-Абад областык электр тармактары ишканасынын райондук жана шаардык электр тармактарында жана Токтогул ГЭСтер каскадында өтөшөт.

Белгилей  кетсек бул ишкананын курамында 11 райондук электр тармак бир нече электр энергиясын сатуу жана оңдоп, түзөө цехтери бар.