БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ ЖАНА ТАНДОО КУРСТАРЫ АТАЛЫШТАГЫ КЕРЕГЕ КЕҢЕШ
Б. Осмонов атындагы табигый-техникалык факультетинин электроэнергетика жана механика кафедрасынын 2023-2024 – окуу жылында иш берүүчүлөр менен өткөрүлүүчү иш-чаралардын планына ылайык 2024-жылдын февраль айында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын базасында 640200 Электроэнергетика жана электротехника багытынын НББПсын, бүтүрүүчүнүн моделин жана тандоо курстарын аныктоо боюнча атайын кереге кеңеш өткөрүлдү.
Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын жетекчилиги НББПны түзүүдө ар-бир дисциплинанын аннотациясына көңүл буруу менен мамиле кылышат. Ал үчүн кереге кеңешке дайыма Релелик коргоо жана автоматика, Жогорку чыңалуудагы электр обочолонтуу, Метрология, Жогорку чыңалуу аба чубалгылары кызматы, Көмөкчү чордондор кызматынын башчылары жана жетектөөчү инженерлери катышышат. Аладын сунуштарын эске алуу менен дисципиналардын аннтоциясы түзүлүп, калыптануучу компетенциялар тандалат.
Мисалы: былтыркы сунуштар эске алынып, Приозводство жана Электрическая часть станции и подстанции дисциплиналар боюнча ваакумдук выключателдерди тереңирээк окутуу сунушталган.
Быйлыкы окуу жылында метрология кызматы тарабынан АСКУЭ эсептегичтер жөнүндө ИИТ жана электроснабжение дисциплиналарды окутууда көбүрөөк көңүл буруусу белгиленди.
Бүтүрүүчүнүн модели жөнүндө дагы бир топ ой-пикирлер айтылды жан аларды моделди түзүүдө эске алынат.
Тандоо курстарын аныктоо боюнча айтылган сунуштарды эске алуу менен 2024-2025- окуу жылына жумушчу окуу пландары түзүлөөрү белгиленди. Акырында Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын директору Усенов Суюнбек Турсуналиевичке, башкы инженери Мурзаев Сүймөнкул Дубанаевичке кафедранын атынан ыраазычылык билдиребиз.