1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

127

ЭЛЕКТР КЫЙМЫЛДАТКЫЧТАРЫНЫН  ОРОМДОРУН КАЙРА ОРОО ТЕМАСЫНДА  ӨТКӨРҮЛГӨН ДУАЛДЫК ОКУТУУ ИШ-ЧАРАСЫ

Агрардык техникалык институтунун энергетика багытындагы студенттери окуу-таанышуу практикасын өтөө учурунда, практиканын программасына шайкеш дуалдык окутуу иш-чарасы Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын оңдоп-түзөө (ремонттук) цехинде өткөрүлдү.             Иш-чараны цехтин жетектөөчү адиси Женишбек Насирдинов  агай алып барды. Ал студенттерге трансформаторлордун муздатуу системасындагы кыймылдаткычтарды оңдоо жана перемоткалоо процесси боюнча кеңири түшүндүрмө берип, демонстрациялык көрсөтмө – мастер-класс түрүндө сабак өттү.             Практика учурунда студенттер кыймылдаткычты демонтаждоо, эски обмотканы алып салуу, жаңы жез зым менен ороп коюу жана изоляцияны жаңылоо иштеринин ырааттуулугу менен таанышышты. Ошондой эле электр коопсуздук эрежелери, өлчөө приборлорун колдонуу жана изоляциянын каршылыгын текшерүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү.             Бул дуалдык окутуу иш-чарасы студенттерге реалдуу өндүрүш шартында кесиптик билимди практика менен айкалыштырып үйрөнүүгө, инженердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана электр кыймылдаткычтарды тейлөө-түзөө технологиясын өздөштүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.