1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

113

Студенттер арасындагы интеллектуалдык оюн

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси жана “Кыргызстан” интеллектуалдык клубу менен биргеликте Агрардык-техникалык институтунун студенттери арасында  интеллектуалдык оюн болуп өттү. Ага Аградык-техникалык институттан ар бир багыт боюнча командалар катышышты. Анын жыйынтыгында Электроэнергетика жана механика кафедрасында 640200 Электроэнергетика жана электротехника багытында окуган студенттерден түзүлгөн “ЭРУДИТ” командасыбиринчи орунду ээледи. Негизинен ЭС-1-25 тайпасынын студенттери  катышышкан.  Алар: Абуганиев А., Бараталиев Б., Женалиева М., Тагайкулов Н., Токторалиев М., Эркинов Э..

Эми бул команда университеттин деңгээлинде өтүлө турган интеллектуалдык оюнга жолдомо алышты. Студенттер менен сыймыктанабыз.