1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

113

ЭЛЕКТРОЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЭЛЕКТРОТЕХНИКА  БАГЫТЫНДАГЫ 1-КУРСТУН СТУДЕНТТЕРИНИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮҮ  (ЭС-1-25 тайпасы)

АТИнин Электроэнергетика жана механика кафедрасында ата-энелер менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугшуунун максаты:

  • Кафедранын ишмердүүлүгүн, окутуучулар курамын жана студенттердин окуу шарттарын түшүндүрүү;
  • Ата-энелерди билим берүү процессинин өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу;
  • AVN порталынын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү (баа, тапшырма, сабакка катышуу, модулдардын, экзамендердин жыйынтыгы ж.б.);
  • Студенттердин диний көз караштарына болгон урмат-сый жана сабырдуулук маселесин талкуулоо;
  • Ата-энелер менен кафедранын тыгыз байланышын бекемдөө.

ЭС-1-25 тайпасында жалпы- 16 студент бар. Анын ичинен 14 студент бюджеттик негизде, ал эми 2 студент контракттык негизде билим алышат. 12 студенттин ата-энеси келип катышып беришти.

Жогорудагы максатка ылайык, кафедра башчы т.и.к., доцент К.А.Кокумбаева жалпы кафедранын окутуучулары, алардын ишмердүүлүгү, студенттер үчүн түзүлгөн окуу шарттар менен ата-энелерди тааныштырды. Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун кредиттик технологиясы боюнча окуу процессии уюштуруу жөнүндөгү жобо жана модул, экзамендин шарттары тууралуу маалымат берилди.

            Куратору А.Турдукулова AVN порталы менен иштөө боюнча кеңири маалымат беүү менен бул портал аркылуу ата-эне өзүнүн баласынын катышуусу, жетишүүсү жөнүндө маалымат ала тургандыгын,  көйгөйлүү маселе болсо куратор менен байланышуу керек экендигин айтылды.

            Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы: Ж.Шамиев, А.Кошбаев, З.Ташиев, М.Кочкоровалар дагы жогорудагы айтылгандар боюнча өздөрүнүн ойлорун билдиришип, келген ата-энелерге ыраазычылык билдиришти.

            Акыркы “Диний сабырдуулук жана урмат-сый” темасында эркин микрофон уюштурулуп, ата-энелер менен окутуучулар ортосунда кызуу талкуу болду. Анын негизинде студенттердин жүрүм-туруму, кийген кийими тууралуу дагы макулдашуулар болду.

Мындай жолугушуулар ата-энелер менен тыгыз байланыш түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт жана  студенттердин жетишүүсүнө, коомдук жайда өзүн алып жүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Акырында ата-энелерге ыраазычылык билдирүү менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

1.Ата-энелер кафедранын ишмердүүлүгү жана окуу процесси менен таанышышты.

2.AVN порталы аркылуу ата-энелер менен байланыш күчөтүү жолго коюлду.

3.Студенттердин жүрүм-туруму жана окууга болгон жоопкерчилиги жогорулайт.

4.Диний сабырдуулук жана маданияттуулук багытында түшүнүк бекемделет.