1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

132

1

Бүтүрүүчү студенттер "Бош орундар жарманкеси - 2025" иш-чарасына катышты

2025-жылдын 22-октябрында Агрардык-техникалык институтунун “Энергетика” багыты жана “Ветеринардык медицина” адистиги боюнча окуган бүтүрүүчү курстун студенттери Манас шаарында өткөн “Бош жумуш орундар жарманкеси – 2025” иш-чарасына активдүү катышып келишти. 

Иш-чаранын негизги максаты — жогорку окуу жайларын аяктап жаткан жаш адистерге өз тармагына ылайык иш берүүчүлөр менен түз байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүн жаратуу, эмгек рыногундагы учурдагы талаптар менен тааныштыруу жана келечектеги карьералык багытын аныктоого көмөк көрсөтүү болду. 

Жарманке алкагында энергетика багыты боюнча бүтүрүүчү студенттер үчүн “Жалал-Абад электр тармактары” ишканасынын кадрлар бөлүмү атайын иш берүүчү катары катышып, мекемедеги бош вакансиялар тууралуу маалымат берип өтүштү. Студенттерге ишкананын иштөө тартиби, эмгек шарттары, айлык маяна деңгээли жана социалдык-экономикалык камсыздоолор тууралуу кеңири маалымат берилди. 

Мындан тышкары, иш берүүчүлөр тарабынан жаш адистердин кесиптик даярдыгына, өндүрүштүк тажрыйбасына жана инновациялык технологияларды

өздөштүрүү жөндөмүнө өзгөчө көңүл бурулду. Бул өз кезегинде институтта берилген билим менен өндүрүштөгү талаптардын тыгыз байланышын көрсөттү. 

Бүтүрүүчү студенттер жарманкеден жаңы маалыматтар менен кайтып, электр энергиясын өндүрүү, бөлүштүрүү жана эксплуатациялоо тармагындагы келечектеги жумуш орундарын белгилеп, практикалык ишке орношуу багытында мотивация алышты. 

Мындай иш-чаралар жаш адистердин кесиптик багытын бекемдеп, “жумушка даяр бүтүрүүчү – ишенимдүү кадр” концепциясын ишке ашырууга өбөлгө түзөт.