"Энергетика – Туруктуу Келечек: Кесиптик Жарманке"

«Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы» тарабынан уюштурулган «Бош орундар жарманкеси – 2025» иш-чарасына энергетика тармагындагы бүтүрүүчү студенттер катышып келди. Иш-чара негизинен жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү , жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендерди түз байланышта жолугуштурууга шарт түзүү, бүтүрүүчүлөргө ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында өткөрүлгөн. Иш чарага 30дан ашуун иш берүүчү уюмдардар катышып алардын катарында шаарыбыздагы энергетика багытындагы негизги иш берүүчү Жалал-Абад электр тармактары ишканасы да катышкан. Учурдан пайдаланып табигый техникалык факультетинин ЭС-1-21 тайпасынын студенттери да иш чарага катышуу менен өз кесиптерине багыт алышты. Иш чаранын негизинде:
- ачык вакансиялардын тактасы уюштурулду;
- ыкчам маектешүүлөр (онлайн жана офлайн форматта) болду;
- консультациялык тейлөө (юридикалык кеңеш, резюме жазуу, кесиптик багыт берүү иштери боюнча маалымат алышты.