Кыргыздын символдору: Ак калпак жана Мамлекеттик Туу күнү.

2024-жылдын 10-Март күнү Табигый техникалык факультетинин энергетика багытынын студенттерине Кыргыздын символдору: Ак калпак жана Мамлекеттик Туу күнү темасында куратордук саат өтүлдү. Иш чара ЭЭСС-1-24 тайпасынын студенттери жана кафедра башчысынын катышуусунда мамлекетибиздин символдору Ак калпак жана мамлекеттик туунунун мааниси, жаралуу тарыхы жана аларда чагылдырылган белгилерин түшүндүрүү менен, студенттерди элибиздин улуттук өзгөчөлүгүн урматтоо, мекенчилдикти, биримдикти жана сый-урматты бекемдөө маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле Ак калпак – кыргыздын улуттук символу, ал элибиздин эркиндикке болгон аң-сезимин, салттуу кийимдердин көптөгөн түрүнөн өзгөчөлөнүп, элдин эр жүрөк, ак көңүл касиеттерин чагылдырылышын белгилеп, келечек үчүн эмгектенүүгө, ата бабаларыбыздан калган баалуу тарыхты урматтоого чакырып өттү.