Кыргызстан энергетикасына 90 жыл
Урматтуу энергетиктер жана энергетиктерди тарбиялап жаткан кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер!!!!! Учурдан пайдаланып баарыңыздарды ары сыймыктуу, түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, өндүрүштүн өзөгү болгон кесиптик майрамыныныздар менен куттуктайбыз!!!!!
“Электроэнергетика жана механика” кафедрасында 2024-жылдын 24-декабрь күнү саат 10-00дө Энергетика күнүнө карата « Кыргызстан энергетикасына 90 жыл» аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Кереге кеңешке азыркы аккредитациянын талабына ылайык стейкхолдерлердин бири болгон иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр чакырылыган. ЖАЭТ ишканасынан Саидов Байкадыр жана Матраим жана башкы инженерлери келип катышышыты.
Кереге кеңеш башталаардын алдында кафедрада экскурсия уюштурулду. Ага альтернативдик энергия булактарын жайылтуу жана студенттерге лабораториялык иштерди аткару үчүн курулган күн электр чордону менен тааныштырылды.
Кыргызстан бүгүнкү күндө региондогу гидроэнергетика рыногунда таанылган лидерлердин бири гана эмес, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча да жогорку потенциалга ээ. Азыркы учурдагы биздин милдет – жаңы, экологиялык жактан таза технологияларды түзүү, о.э. энергоэффективдүү орнотмолорду колдонуу, анын негизинде биз күндүн энергиясын, чакан дарыялардын жана суу агымдарынын энергиясын, шамалдын энергиясын, геотермалдык суулардын энергиясын жана биомасса энергиясын пайдаланууну жайылтууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ошондуктан кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан кереге кеңештин жүрүшүндө курулган күн электр чордону жана энергоэффективдүү орнотмолор тууралуу баяндамалар окулду: А.Аширалев, К.А.Кокумбаева.
Мындан тышкары ЖАЭТ ишканасында аткарылган иштер жана жаңы орнотмолор боюнча келген коноктор маек куруп беришти.
Талкуу жогорку деңгээлде болду. Студенттер, окутуучулар активдүү катышышты. Суроолорго жооп берүү менен акырында иш берүүчүлөр өздөрүнүн оң маанидеги ой-пикирлери менен бөлүшүштү.
Резолюция кабыл алынды:
1.Өндүрүштөгү көйгөй менен кафедранын илим изилдөө иштерин айкалыштыруу боюнча иш алып баруу күчөтүлсүн!;
2. Альтернативдик энергия булактарын колдонууну жайылтуу боюнча иш-чаралардыы уюштурулсун!
Кафедранын студенттери тарабынан даярдалган концерттик иш-чара болуп өттү. Факультеттин деканы тарабынан студенттерге грамоталар тапшырылды.
Салтка айланып калгандай 22-декабрь күнү ЖАМУнун ректорунун №303-буйругу менен ЖАЭТ ишканасыында эмгектенген энергетиктерди студенттердин практика өтүүсүнө кошкон салымдары үчүн ЖАМУнун Ардак грамотасы менен сыйланышты.
ЖАЭТ ишканасы тарабынан кафедранын профессору А.Аширалиевге Кыргызсстандын энергетикасынын 90 жылдык юблейлик медали менен жана кафедра башчы К.А.Кокумбаева алкыш баракчасы менен сыйланышты.