1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

9

Өндүрүштүк базада иш ордунда окутуу 

“Электр энергиясын өндүрүү окутуму боюнча жогорку чыңалуудагы коммутациялык аппараттарды аралыктан башкаруу”  темасында ЭЭСС-1-22 тайпасына иш ордунда окутуу боюнча сабак  болуп өттү. Иш ордунда окутуу 110/35/6-10 кВ  чыңалуудагы  Жалал-Абад  көмөк чордонунда уюштурулду.  Сабак  көмөк чордондун кызматкери менен биргеликте  алгач студенттерге техникалык коопсуздук боюнча инструкция берилди. Көмөк чордондо жайгашкан коммутациялык аппараттарды аралыктан башкаруу үчүн өзүнчө төмөнкү (вторичный цепь) чынжыр аркылуу башкарылат. Аралыктан башкаруу негизинен жогорку чыңалуудагы электр жабдыктарын коопсуз тейлөө жана релелик коргоочу автоматика аркылуу иштөө үчүн каралган.  Сабак учурунда коммутациялык аппараттардын кошуп ажыратуу механизмдеринин түзүлүшү, жайгашуу орду жана кандай ток колдонууларын жеринде көрсөтүлдү.

Студенттер уюштурулган сабактан теорияда окуган билимин бышыктоо максатында бир топ суроолорду беришти. Иш ордунда окутуу методикасын колдонуу менен биз студенттерге жеткиликтүү, түшүнүктүү жана кызыктуу  болоорун белгилеп кетебиз.

Жыйынтыгында студенттер бир топ методикалык тажрыйбага ээ болуу менен ишкананын жетекчилигине жана Абдималиков Абдилаким Абдималиковичдин ыраазычылыктарын билдиришти.