1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

27

«ЖАШЫЛ МУРАС» РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШЕМБИЛИГИ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Электроэнергетика жана механика кафедрасынын ЭЭСС-1-26 тайпасынын студенттери «Жашыл Мурас» республикалык ишембилигине катышышты.

Иш-чаранын негизги максаты — айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоону жайылтуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу жана жаштарды коомдук пайдалуу демилгелерге тартуу болуп саналат.

Уюштуруучулар тарабынан катышуучулар үчүн атайын транспорт, форма, тамак-аш топтому, кол кап жана таштанды чогултуучу каптар берилди.

Студенттер айлана -чөйрөнү тазалап жатышып, өздөрүнүн экологиялык аң-сезимдерин жогорулатуу менен бирге коомдук иштерге активдүү аралашуу керектигине ынанышты, себеби биздин келечегибиз жаштардын колунда.

«Жашыл Мурас» демилгеси айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо ар бир жарандын милдети экенин эске салат. Университеттин студенттери мындан ары да экологиялык жана коомдук маанидеги иш-чараларга катышууга умтулушат.