1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

5

Ветеринардык медицина кафедрасында Мугалимдер күнүнө карата маданий иш-чара жана волейбол мелдеши өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында Мугалимдер күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты – окутуучулардын кесиптик эмгегин даңазалоо, мугалимдик кесипке болгон урмат-сыйды арттыруу, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын ортосундагы ынтымакты жана достук мамилени бекемдөө болду.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын студенттери тарабынан мугалимдерге арналган ыр-бийлер, музыкалык чыгармалар жана кызыктуу чыгармачылык номерлер тартууланды. Студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, окутуучуларга жакшы маанай жана жагымдуу эмоция тартуулашты.

Мындан тышкары, майрамдык күндүн алкагында Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери жана профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда волейбол боюнча достук мелдеш өткөрүлдү. Спорттук мелдеш катышуучулардын дене тарбиялык активдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге, командалык духту, өз ара колдоону жана ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Мындай маданий жана спорттук иш-чаралар студенттер менен окутуучулардын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдап, кафедрада жагымдуу чыгармачылык жана достук атмосфераны түзүүгө маанилүү салым кошот.

Ветеринардык медицина кафедрасы бардык окутуучуларды кесиптик майрамы – Мугалимдер күнү менен куттуктайт! Ар бириңиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик, кесиптик өсүү жана жаш муундарга билим берүүдө талыкпас эмгек каалайбыз!