1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

17

«Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Кыргыз тили – улуттун улуу мурасы» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик: Кыргыз тили – улуттун улуу мурасы» аттуу маданий-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин эне тилге болгон урмат-сыйын арттыруу, кыргыз тилинин улуттук баалуулук жана руханий мурас катары маанисин кеңири жайылтуу, жаштарды эне тилди аздектөөгө жана аны өнүктүрүүгө үндөө.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилинин тарыхы, бүгүнкү коомдогу орду жана келечеги тууралуу маалыматтык доклад жасалып, эне тилдин улуттун руханий биримдигин сактоодогу мааниси белгиленди.

Мындан тышкары, студенттер тарабынан кыргыздын улуттук маданиятын, каада-салтын жана эне тилдин көркөмдүгүн чагылдырган көркөм окуулар, ырлар, поэзиялык чыгармалар жана башка чыгармачылык номерлер тартууланды. Катышуучулар өз өнөрлөрү аркылуу кыргыз тилинин байлыгын, көркөмдүгүн жана улуттук рух менен тыгыз байланышын көрсөтүштү.

Иш-чарада кыргыз тили – ата-бабадан муундан муунга өтүп келе жаткан баа жеткис мурас гана эмес, улуттук аң-сезимди, маданиятты жана тарыхты сактап турган негизги руханий дөөлөт экендиги баса белгиленди.

Мындай иш-чаралар жаш муундун мекенчилдик сезимин күчөтүп, эне тилге болгон жоопкерчилигин арттырууга жана кыргыз тилин күнүмдүк турмушта кеңири колдонууга өбөлгө түзөт.

«Тил бар жерде – улут бар. Эне тилди урматтоо – улутту урматтоо».