1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

52

FAO тарабынан пандемиялык даярдык боюнча семинар өткөрүлдү

2025-жылдын 4-ноябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) тарабынан уюштурулган пандемияга даярдык жана жооп кайтаруу боюнча семинар болуп өттү. Иш-чаранын максаты – ветеринардык адистердин жана студенттердин биокоопсуздук, жугуштуу оорулардын алдын алуу жана пандемиялык кырдаалдарда ыкчам аракет көрүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү болду. Семинарга FAOнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн адистери, облус аймагындагы ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү, кафедранын окутуучулары жана студенттер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга дүйнөлүк жана улуттук деңгээлдеги пандемияга каршы стратегиялар, "Бир ден соолук" (One Health) концепциясы, ошондой эле биологиялык коркунучтарды башкаруу боюнча актуалдуу маалыматтар сунушталды. Семинардын соңунда катышуучулар FAO адистерине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, мындай иш-чаралар келечектеги ветеринардык адистердин практикалык даярдыгын жогорулатууда чоң мааниге ээ экендигин белгилешти.