1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

95

Кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы

2025-жылдын 30-октябрында Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина, Электроэнергетика жана механизация кафедраларынын студенттери менен түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Манас шаардык ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын алдын алуу кызматынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын лейтенанты Тойчиев Искендер Молдобаевич катышып, студенттерге кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу, жаштар арасында мыйзамдуулукту сактоо жана жоопкерчилик тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушуу учурунда студенттер диний экстремизм, ниикаб (жабын кийүү маселелери) жана кылмыш жоопкерчилиги боюнча кызыккан суроолорун беришип, тиешелүү жоопторду алышты. Иш-чаранын негизги максаты – жаштар арасында мыйзамды сыйлоо маданиятын жогорулатуу, кылмыш жана укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле коомдук коопсуздукту сактоого багытталган түшүнүктөрдү бекемдөө болду.