1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

100

Студенттер өндүрүштүк практикага чыгышты

Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-21 тайпасынын студенттери 4 жумага созулган өндүрүштүк-врачтык практикасына чыгышты. Практика башталар алдында атайын конференция өткөрүлүп, анда студенттерге коопсуздук эрежелери жана практика учурундагы жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чарага Агрардык-техникалык институтунун директорунун орун басары жана ветеринардык медицина кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Конференциянын соңунда студенттер практика өтө турган өндүрүштүк мекемелерге бөлүштүрүлүп, тиешелүү жайларга жеткирилди.