1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

114

Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери окуу-клиникалык практикасын башташты

Ветеринардык медицина кафедрасынын В-1-22 тайпасынын студенттери 3 жумалык окуу-клиникалык практикасын баштады. Практика Ноокен райондук ветеринардык башкармалыгында жана Манас шаардык ветеринардык башкармалыгында өткөрүлөт. Студенттерди профессордук-окутуучулук курамы практика өтүлүүчү жайларга жеткирип, коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж өткөрүштү. Ноокен райондук ветеринардык башкармалыгы студенттерди расмий кат аркылуу кабыл алып, жатакана жана тамак-аш менен камсыздоону өз мойнуна алды. Бул практика студенттердин теориялык билимин бекемдеп, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.