Практиканын жүрүшү

Жалал-Абад шаардык Ветеринардык башкармалыкта студенттер окуу-клиникалык практикасынын негизинде ал мекемедеги баардык кагаз иштери менен таанышты жана алардын окуу жайдан жетекчиси Карипов К.А. барып студенттердин аткарып жаткан жумуштарын, мекеме тарабынан бекитилген жетекчилери менен кабарлашып, студенттер практиканы жол картасы менен өтөп жаткандыктарын көрүп келди.
Мекеменин кызматкерлери студенттерге өзгөчө көңүл бөлүп, практика жүзүндө бардык жумуштардын аткарылышын көрсөтүп берүүдө. Бул жайда студентттер окуу жайда алган теориялык билимдерин практика жүзүндө бышыктап билимдерин өркүндөтүп, билимге болгон кызыгуусу мындан да тереңдейт.