1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 дня назад

92

Ветеринардык адистердин кесиптик билимдерин жогорулатуу максатында «Жасалма уруктандыруу» курсу окутулууда.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасы «Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоору менен биргеликте айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча кесиптик билимди жогорулатууга багытталган окуу курсу өткөрүлүп жатат.

Окуу курсу 180 сааттык программага ылайык уюштурулуп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыды. Программанын негизги максаты – ветеринардык адистердин айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча теориялык билимдерин тереңдетүү, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле заманбап репродуктивдик технологияларды ветеринардык практикада натыйжалуу колдонууга даярдоо болуп саналат.

Курстун жүрүшүндө угуучулар жаныбарлардын көбөйүү органдарынын анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү, ургаачы жаныбарлардын жыныцтык цикли, жыныстык күүгө келүү белгилерин аныктоо, уруктук материалдын сапатын баалоо, аны сактоо жана тоңдуруу технологиялары боюнча теориялык билимдерге ээ болушат.

Практикалык сабактарда жасалма уруктандырууда колдонулуучу аспаптар жана жабдуулар менен иштөө, уруктун сапаттык көрсөткүчтөрүн микроскоп аркылуу аныктоо, тоңдурулган урукту эритүү, уруктандыруу шаймандарын даярдоо жана дезинфекциялоо, ошондой эле жасалма уруктандыруунун негизги ыкмаларын өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, ветеринардык-санитардык талаптарды, асептика жана антисептика эрежелерин сактоо маселелери каралды.

Окуу курсун ветеринардык медицина тармагындагы адис Исакбаев Шамшидин Маданович жетектеп, теориялык билимдерди практикалык көндүмдөр менен айкалыштыруу аркылуу угуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган окутуу иштерин жүргүздү.

Бул окуу курсу ветеринардык адистердин квалификациясын жогорулатууга, айыл чарба жаныбарларынын көбөйүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртууга, мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана тукумсуздуктун алдын алуу боюнча кесиптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө маанилүү салым кошот. Ошондой эле университет менен тармактык долбоорлордун кызматташтыгын чыңдоого жана айыл чарба тармагына квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт