1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

9 месяцев назад

116

Азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөөдө ветеринардык врачтардын ролу

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин ветеринардык медицина кафедрасында ветеринардык врачтардын күнүнө арналган  “Азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөөдө ветеринардык врачтардын ролу» деген аталышындагы конференция өттү.

Конференцияга иш берүүчүлөр, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана студенттер чакырылды.

Башкы баяндамачылар Сулайманов Абдысатар Саматович “Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун ТТФнын Ветеринардык медицина кафедрасы менен ветеринардык башкармалар, ветеринардык лабораториялардын жана ветеринардык-санитардык экспертиза лаборатриялар жана жер-жерлердеги  ветеринардык сервистер менен  менен байланышты бекемдөө”,

Исакбаев Шамшидин Маданович “Негизги билим берүү программасындагы теориялык билим  берүү  менен өндүрүштөгү практикалык иштердин байланышы” деген чон темаларды козгоп, баяндамаларын жасашты.