1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Агрардык-техникалык институту
  4. Ветеринардык медицина кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 дней назад

12

КМШнын 35 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

Агрардык-техникалык институтунун Ветеринардык медицина кафедрасында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган маалыматтык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, негизги максаттары, мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий, маданий жана гуманитардык кызматташтык багыттары тууралуу кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин достук мамилелерин чыңдоо, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана аймактык интеграциянын мааниси талкууланды. Студенттер темага активдүү катышып, өз ойлорун жана пикирлерин билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштардын тарыхый маалымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттер аралык достук жана кызматташтык баалуулуктарын жайылтуу, ошондой эле студенттердин эл аралык мамилелер тууралуу түшүнүгүн кеңейтүү болду.

Мындай иш-чаралар жаш муундардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, жарандык жоопкерчилигин калыптандырууга жана достук, ынтымак, өз ара түшүнүшүү принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.