1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
  5. Жаңылыктар

11 месяцев назад

99

ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ

2024-жылдын 13-февраль күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетинде профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган Ооганстан Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун 35 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан “Ооган ардагерлерине таазим” аталышындагы “Ооган ардагерлери” менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга биздин Ооган ардагерлерибиз А.О.Шерматов, М.И.Мамытовдор катышышты. Иш-чараны кафедра башчысынын орун басары улуу окутуучу Ы.М. Кожоназарова ачып ЭЮФтун деканы, профессор А.К.Аскаровага жана кафедранын доценти Г.Т.Токтогуловаларга куттуктоо үчүн сөз берди, алар каалоо тилектерин билдиришти.

Ардагерлер  А.О.Шерматов, М.И.Мамытовдор ошол согуштагы күндөрүн эскерип, студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Алар жер жүзүндө тынчтык болсун деп тилек билдиришти. Профессордук-окутуучулук курам жана СКк-1-22 тайпасынын студенттери чаккан концерттик программа жана эстелик белектерин тартуулоо менен активдүү катышышты.