- Институттар
- Экономика жана укук институту
Экономика жана укук институту
Институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор
Телефон:
Email:
aynura.7474@mail.ruКаттоодон өтүү:
26.10.2023
Акыркы кириш:
4 недели назад
Резюме:
Жүктөп алуу Резюме- Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы
- Жарандык укук жана адвокатура кафедрасы
- Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы
- Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы
Экономика жана укук институту 2025-жылдын 30-июнунда ректордун № 254 буйругунун негизинде Экономикалык-юридикалык факультетинин базасында түзүлгөн. Экономикалык-юридикалык факультети өз алдынча түзүм катары 2000-жылдын 22-майында ректордун № 188 буйругунун негизинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит», «Каржы жана кредит», «Экономикалык теория» кафедраларынын базасында уюштурулган.
Факультеттин алгачкы түзүүчүлөрү катары э.и.к., доцент Алыкулов Жолболду Нышанбаевич, улук окутуучу Максытов Камил Абдуллаевич, э.и.к., доцент Турдубеков Бегижон Мадаминович эсептелет. Факультеттин биринчи деканы э.и.к., доцент Жоошбаев Бекмамат Тургунбаевич.
Экономика жана укук институту — экономика, юриспруденция жана социалдык иш багыттары боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоочу динамикалуу өнүгүп жаткан билим берүү түзүмү.
Кадрларды даярдоо жөнүндө маалыматтар төмөндөгү таблицада берилген:
| Адистиктинкоду | Аталышы | Квалификациясы (даража) | Окуу мөөнөтү | |
| 580100 | Экономика, Каржы жана насыя профили | Бакалавр | 4 | |
| 580100 | Экономика, Каржы жана насыя профили | Магистр | 2 | |
| 580100 | Экономика, Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит профили | Бакалавр | 4 | |
| 580100 | Экономика, Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит профили | Магистр | 2 | |
| 530500 | Юриспруденция | Бакалавр | 4 | |
| 530500 | Юриспруденция | Магистр | 2 | |
| 540200 | Социалдык иш | Бакалавр | 4 |
Университетти бүтүргөн студенттер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорун алышат.
Институттун курамына төмөнкү түзүмдөр кирет:
· «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасы;
· «Жарандык укук жана адвокатура» кафедрасы;
· «Кылмыш жаза укуктук дисциплинар» кафедрасы;
· профессор Ш. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасы;
· Экономика-юридикалык колледжи.
*****************************************************************
Материалдык-техникалык база
Институттун техникалык базасы студенттердин окуу дисциплиналарды терең билим берип өздөштүрүүсүнө жана окумуштууларынын жетекчилиги менен илимий-изилдөө иштерин аткаруусун камсыздаган 32-окуу аудитория, 3-компьютердик класс, 6-интерактивдик доска, 17-принтер 3-проектор, 80-компьютер колдонулат.
**********************************************************************
Профессордук-окутуучулук курамы:
Институттун профессордук-окутуучулук курамы 112 окутуучу, алардын 87 — штаттык, 25— айкалыштыруучу. Анын ичинен 6 окутуучу илимдин доктору, 15 илимдин кандидаты..
Институтта Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштуулары жана педагогдору сабак беришет. Алардын арасында — Кыргыз Республикасынын 14 билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын эсеп боюнча эмгек сиңирген кызматкери, бухгалтердик эсеп жана аудиттин отличниги, Манас шаарынын 2 Ардактуу атуул, ошондой эле «Акыл-Тирек» сыйлыгынын 2 номинанты.
************************************************************************
Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү
Институтта 08.00.05 — «Эл чарбасын башкаруу жана экономика» адистиги боюнча илимий мектеп иш алып барат. Анын жетекчилери — э.и.д., профессор Аскарова А. К. жана э.и.д., профессордун м.а. Карбекова А. Б.
Институттун окутуучулары тарабынан 18 монография, 200дөн ашуун илимий макала (реферативдүү басылмаларда), 25 окуу жана окуу-методикалык колдонмо жарыяланган, алардын айрымдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен чыккан.
46 эмгек мамлекеттик автордук укук менен катталган.
Институттун кызматкерлери 80ге жакын эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий конференцияларга катышышкан. Илимий ишмердүүлүккө студенттер да активдүү тартылат, алар дипломдук иштерди аткарууда заманбап маалыматтык технологияларды колдонушат.
***********************************************************************
Олимпиадалык кыймыл
Институтта олимпиадалык кыймыл активдүү өнүгүүдө.Жыл сайын төмөнкү сабактар боюнча студенттик олимпиадалар өткөрүлөт:
· «Экономика» (профил жана профил эмес адистиктер үчүн);
· «Каржы жана нсыя»;
· «Бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит»;
· «Юриспруденция».
Институттун студенттери региондук олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлешет.
********************************************************************
Эл аралык кызматташтык
Институт илимий жана билим берүү жаатында төмөнкү алдыңкы чет элдик жогорку окуу жайлары менен кызматташат:
· Казан федералдык университети;
· Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети;
· Борбор Азия инновациялык университети;
· О. А. Байконуров атындагы Жезказган университети;
· Башкортостан мамлекеттик университети;
· Новосибирск шаарындагы Эл аралык илимдер академиясы (НГУ);
· Воронеж экономика жана укук институту;
· Харьков мамлекеттик университети;
· Самара мамлекеттик университети.
Өлкө ичиндеги байланыш
· Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы;
· Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
· Кыргыз экономикалык университети;
· Ош мамлекеттик университети;
· Нарын мамлекеттик университети;
· Ош технологиялык университети;
· К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет;
· Ош социалдык университети;
· Баткен мамлекеттик университети;
· Бишкек гуманитардык университети;
· Ош мамлекеттик юридикалык институту;
· Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы.
*********************************************************************
Студенттер
Институтта 1600дөн ашык студент билим алат. Өз ишмердүүлүгү башталгандан бери институт Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттарына ылайык 3000ден ашуун жогорку билимдүү адистерди даярдады. Алардын өндүрүштө, администрациялык, билим берүү жана маданий тармактарда, ошондой эле чет өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ болушу жаш адистердин жогорку даярдык деңгээлин далилдейт.
Студенттик практика Кыргыз Республикасынын кадырлуу мекемелеринде, уюмдарында жана ишканаларында өткөрүлөт.